Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кулматов менен Ибраимовго жыйынтыктоочу айыптоону чыгарышты. Келтирилген зыян - 95 миллион сом

УКМК «Калыс-Ордо» конушундагы мектеп курулушундагы коррупция боюнча кылмыш ишин иликтөөнү аяктады

УКМКнын башкы тергөө башкармасы тарабынан Бишкектин «Калыс-Ордо» турак жай конушундагы мектеп курулушундагы коррупция боюнча козголгон кылмыш ишин иликтөөнү аяктады.

Бишкектин мурунку мэрлери Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго алар менен бирге иш алып барган К.Ш. жана С.А. жеке компанияларынын жетекчилерине 303 берене боюнча акыркы айыптоо чыкты.

Мурдагы мэрлердин жетекчилиги астында курулган мектеп көп сандаган мамлекеттик сатып алуу жана курулуш мыйзамдарын бузуу менен коштолгон. Мектептин курулушу долбоордун сметасы жок курулган жана андан башка да тийиштүү документтер жетишсиз. Жалданган компаниялар коррупциялык жол менен тендерсиз ишке тартылган
Акча каражаттары аталган компаниянын эсебине мыйзамсыз негизде которулган, иштетилген акчалар жалданма ишканалар мыйзамдарды жана нормаларды бузуу жолу менен эсептелген, айрым учурларда таптакыр эсеп жүргүзүлгөн эмес.
Жыйынтыгында 660 орундуу мектеп курулушуна 2 миллион доллар сарпталган, ал акчалар ТВЕА компаниясынан гран түрүндө бөлүнгөн. Ал эми 114 млн. сому шаардык бюджеттен бөлүнгөн. Ошол учурда республиканын өкмөтү тарабынан аймактардагы 1000 орундуу эки мектепке 2 миллион доллар каралып жаткан болчу. Иликтөөнүн жыйынтыгында келтирилген зыяндын суммасы 95 миллион сом болгон.

Учурда айыпталуучуларды жана аларды коргоочуларды кылмыш ишинин материалдары менен тааныштыруу жүрүп жатат, бүткөндөн кийин иш Башпрокуратурага жиберилет жана айыптуулугу ырасталат. Акырында иш сотко өткөрүлүп берилет.

УКМК маалымат борбору
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх