Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дуйшөнбек Зилалиев: Мени аэропорттон эмес, үйдөн кармашты! Мен эч жакка качкан жокмун!

Камакка алынган Кыргызстандын экс-вице-премьер-министринин кайрылуусу

Кармалып камакка алынган эксөвице-премьердин жактоочусу анын жарандарга кайрылуусун таркатты, анда ал тергөө органдарынын мыйзамды бузгандыгын билдирет.
«Кымбаттуу кыргызстандыктар! Мен тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматка жоо кылып коюуну эп көрдүм.
Биринчиден, мен эч кайда качканым жок, мени аэропорттон кармашкан жок. Бул кызылдай калп! Ким болсо да бул маалыматты аэропорттогулардан сурап тактасаңар болот. Мени үйдөн кармашты.

Экинчиден, алар мени кармап алышып, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылы кулжа айынын жыйырма төртүндөгү чечимине ылайык КР КК 308-1 беренеси кызматтагы адам өзүнүн активдеринин кирешесине салыштырмалуу көбөйүп кетишине түшүндүрмө бере албай калган учурда гана пайда болоорун далилдеп берүүгө мүмкүнчүлүк беришпеди. Тилекке каршы мени кармап алышып, укугумду коргогонго мүмкүнчүлүк беришпеди.
Туура эмес тартылган видеонун үзүндүсүн коомчулуктун алдында менин кадыр баркымды түшүрүүгө пайдаланышты. Баарын түшүндүрүп бере алам. Бирок менин азыр актыгымды далилдешим, жанталашып актанганга окшоп калаарын да билем. Ошондуктан мен азырынча тура турам.
Ошону менен бирге иликтөөгө бардык түшүндүрмөлөрдү даярдап берем. Бир үмүт УКМКнын териштиргенинде калды. Тирүү болсок көрө жатаарбыз дагы.

Урматтуу мекендештер, Сиздерди Жаңы Жылыңыздар менен куттуктайм! Ар бир үйгө бакыт жана тынчтык каалайм. Биздин Кыргызстаныбызга тынчтык жана өнүгүүү каалайм», деп айтылат Зилалиевдин кайрылуусунда.

УКМК мурдагы чиновниктин үйүн тинтип чыгып, ал жерден кымбат сааттарды, жана сакталып турган акчалар менен мончок шуларды көрсөттү.
Эске салсак, УКМК кызматкерлери Кыргызстандын экс-вицеөпремьер-министри Дүйшөнбек Зилалиевдин үйүн тинткенде бир таңгак кызматтык күбөлүктөрдү, кымбат баалуу сааттарды жана ошондой эле 2 миллион 900 миң сом жана 100 миң доллар акча каражатын табышкан.
Ошондой эле мурдагы чиновникти өлкөнү таштап чыгып кетээрде кармашкандарын айтышкан.

Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх