Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковго Тарых музейи тууралуу дагы бир айып тагылды

УКМК мурдагы президенттин аппарат башчысынын көз боёмочулугун кеңири сүрөттөп берди

УКМКнын МТБ 2018-жылы бештин айынын отуз биринде мурунку премьер-министр Сапар Исаковго КР КК 303 беренесинин 2 б. боюнча айып такты (Коррупция).

Иликтөө 2016-жылы Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен кызматташтык жана координация боюнча Түрк Республикасынын премьер-министринин Аппаратынын алдындагы Түрк агенттигинин ортосунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тарых музейин жаңылоо жана музейдин жаңы экспозициясын түзүү боюнча Протоколго кол коюлгандыгын аныктады. Келишим боюнча түрк тарап гранттык каражаттардан үч жылдын ичинде 15 миллион доллар бөлүп бермек.

Бирок музейдин жаңыланышына КР президентинин мурунку Аппарат жетекчисинин жана башка кызматтык адамдардын негизсиз кийлигишүүсүнөн жана талаптарынан улам иштин аякташы 2017-жылдын баш оона айынын отуз бирине жылган. Түрк тарап андан ары кызматташууну токтотуп койгон. Жыйынтыгында музейдин курулушу республикалык бюджеттен 1 миллиард 520 миллион 309 миң 404 сом бөлдүрүлүп алынган.

Белгилей кетүүчү нерсе, жогоруда көрсөтүлгөн 4 миллион доллардан ашык гранттык каражат музейдин фасаддык иштерине жана анын аймагын жакшыртууга жумшалган.

Андан соң, Сапар Исаков 2017-жылы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келген ишти атайын кишилер менен байланыш түзүп алып туруктуу коррупциялык схема түзгөн. Андан ары мамлекеттик сатып алуулардын процедураларысыз эле өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келе турган иш жасады. Музейдин экспозициясын жаңыдан түзүү үчүн «Vitrinen- undGlasbauREIERGmbH» немис компаниясы менен байланыш кылган.

Жыйынтыгында айтылган компания музейдин Концепсиясына туура келбей турган экспонаттарды жана жабдууларды алып келген. Аны маданият, маалымат жана туризм Министрлигинин бекитип берген. Тактап айтканда, кафетерий үчүн кымбат баалуу жабдуулар, эки жыгач ат, 59 даана жыгач түркүк, подиум жана жана башкалар болуп жалпы суммасы 55 млн. 593 миң 772 сомду түзгөн.

«Vitrinen- undGlasbauREIERGmbH» компаниясы алып келген чыгымдалуучу материалдардын баалары ашыкча көрсөтүлгөн ( желим, кагаз скотчу, силикон түтүгү, мээлелер, слесардын балкасы, тешкич, таштанды салуучу баштыкчалар ж.б.). Муну Кыргызстандын ичиндеги базарга салыштырганда баасы 3 миллион 785 миң 600 сомду түздү.

Андан сырткары, немис компаниясы менен түзүлгөн мыйзамсыз келишимдин натыйжасында курстук айырмалардан улам келтирилген чыгым 42 миллион 311 миң 428 сомду түзгөн.

Ошентип, Исаковдун жана башка кызматтагы адамдардын кылмыштуу иш аракеттеринин айынан мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 101 миллион 690 миң 800 сомду түздү.
Ошондой болсо да музейдин курулушу ушул күнгө чейин бүтө элек.

УКМК маалымат борбору
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх