Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түкүргөнү үчүн айып пул сала албаган бийлик өзүнүн мыйзамына кайдыгерлигин көрсөттүбү?

Эксперттерди жаңы Кодексти аткаруу механизминин жоктугу таң калтырды

Бир жыл мурун кабыл алынган эреже бузуулар Кодекси үстүбүздөгү жылы үчтүн айынын биринен баштап күчүнө кирди эле. Ушунча убакыттан бери мамлекеттик органдар таяныч болуучу актыларды даярдап коюшса болмок. Белгилүү укук коргоочу Калича Умуралиева Vesti.kg сайтына бийликтин жаңы мыйзамды ишке киргизүүдөгү кыйынчылыктарына комментарий берди.

- Баарыбыз көрүп тургандай, эч ким эч нерсени окуган эмес, өкмөттүн буга чамасы келген жок, ал эми мэрия эмне менен алек болгондугу белгисиз, - деп белгиледи ал. - Жыйынтыгында же нары эмес, же бери эмес болуп туруп калды. Мыйзам жазылып жатканда эң акырына бардык мамлекеттик органдар нормативдик укуктук актыларын алып келсин деп жазылат. Бул ал нерсе кылынган эмес. Бул кабыл алынган мыйзамга болгон кайдыгерликтин бир эле мисалы.

Умуралиева мындай учурда кырдаал башка мыйзам аркылуу көзөмөлгө алынат деп кошумчалады.
- Биздин мыйзам чыгаруунун түзүмү ушундай, - дейт ал. - Адегенде мыйзамды кабыл алып алышат, анан кийин аны кантип каржылоону издей башташат. Ар бир эле мыйзам каржылоону талап кылат, бирок бул каралбайт. Кодексте көрсөтүлгөн эреже бузуулар жаңы чыгып жаткан жери деле жок. Кээ бир нормалар административдик жоопкерчиликке кошулган. Бир гана айып пулдар эсептик көрсөткүчтөрдө эмес, категориялар менен аныкталат. Бирок бул нерсе жарандардын маалыматты кабыл алуусун гана кыйындатты, анткени тигил же бул категориядагы айып пулдун суммасын кай жерден билүү аларга белгисиз. Мыйзам иштеп чыгуучулар бул тууралуу ойлонгон эмес.

Өз кезегинде Бишкек шаардык кеңешиндеги «Кыргызстан» фракциясынын лидери Таалайбек Сагынов мыйзам кабыл алынган соң, ал иштеш керек деп эсептейт.

- Бул мыйзамдын аткаруучусу ким болоорун мэрия азыр аныктай элек, - деп жоромолдойтБШК депутаты. - Мэрия тигил же бул мыйзамды ишке ашырган аткаруучу орган болуп эсептелет. Бирок, муниципалитет жаңы түзүмдүк бөлүктү уюштурууну кааласа, анда мындай учурда шаар кеңешинин токтому керек болот.

Эске сала кетели, мурда Vesti.kg сайтына мэриядагылар жаңы Кодекс боюнча жарандарды айыпка тарта албай тургандыгын билдиришкен эле, анткени борбор шаардын райондору боюнча комиссия түзүлө элек.

Вероника Малышева

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх