Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбеков: Кыргызстандын 650 калктуу пункту таза суу менен камсыз болот

Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Европа өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банктары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатат

Өлкөнү таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагында 650 калктуу пункт таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Сокулук районунун тургундары менен жоолугушуу учурунда айтты.

«Европа өнүктүрүү банкы, Дүйнөлүк банк, Ислам өнүктүрүү банкы жана Азия өнүктүрүү банктары менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Ошондой эле таза суу менен камсыз кылуу долбооруна Кытай Эл Республикасы жана Арап өлкөлөрү кызыгып жатышат. Жакынкы 5 жыл ичинде Кыргызстандын бардык аймактары таза суу менен камсыз болот. Бул менин шайлоо алдында берген убадаларымдын бири», - деп белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков.

Президенттин аппаратынын саясий маалымат бөлүмү
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх