Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Келдибеков, Бекназаров жана Дүйшөбаевдер кайрадан Атамбаевдин үстүнөн арыз жазышат

Октябрь райондук соту алардын мурунку арызын документтердин так эместигине байланыштуу карабай койгон

Мурунку башпрокурор Азимбек Бекназаров, Жогорку Кеңештин экс-спикер Акматбек Келдибеков жана УКМКнын мурунку төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдер кайрадан мурунку президен жана КСДП партиясынын лидери Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн арыз жазышат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Азимбек Бекназаров айтып берди.

- Октябрь райсоту мурунку арызыбызды документтериңердин баары көчүрмө экен деп карабай койгон, - деп түшүндүрөт Бекназаров. - Биз мыйзам талап кылгандай кылдык. Бирок алар болсо бизге түп нускасы керек деп туруп алышты. Болуптур, түп нукасын чогултуп, анан кайра арыз беребиз.

2018-жылы бештин айынын жыйырма алтысында Келдибеков, Бекназаров жана Дүйшөбаевдер Октябрь райондук сотуна Аламазбек Атамбаевдин жана «Апрель» телеканалынын директору Дмитрий Ложниковдун үстүнөн арыз жазышат. Мурдагы президент бул саясатчылар тууралуу телеканалга берген интервьюсундагы сөздөрү буга себеп болду. Доо арызда 18 миллион сом талап кылынган, анткени ар бир доогерге жана жоопкерге 3 миллиондон деп эсептелген.

Сот алардын арызын карабай койгон жана 2019-жылы үчтүн айынын тогузунда өздөрүнө кайрып берген.
- Доогерлер Атамбаевдин кайсы сөздөрү алардын ар намысына шек келтиргендигин көрсөтүшкөн эмес, - деп түшүндүрүштү Vesti.kg сайтына Жогорку соттун маалымат кызматы. - Алар бул так эместиктерди үчтүн айынын тогузуна чейин оңдошу керек эле, ошондуктан кечээ алардын арызын жана документтерин кайрып беришти. Кайрадан жаңы арыз түшө элек.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх