Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кулматов менен Ибраимовдун жактоочусу: Биз эми таң калбай деле калдык

Юрист УКМК коомчулуктун башын айлантып жатат деп эсептейт

УКМК маалымат кызматы Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдну коррупция боюнча айыптарын билдирип жана иштин сотко өткөндүгүн жарыя кылган. Алардын жактоочусу Сергей Слесаревдин сөзү боюнча, мындай билдирүүлөр Кыргыз Республикасынын Конституциясына бекитилген жазыксыздык жоромолу принцибин бузат.

«Жактоочу УКМКнын Кулматов менен Ибраимовдун иши боюнча коомчулуктун башын айланткан кылыктарына көнүп деле калгандыгын айтат. Мектептин курулушу эмес эле Кулматов менен Ибраимовду тергөөгө ала турган адамдын дайындалышы мыйзамды одоно бузуу менен жүргүзүлдү. Бул мыйзамсыз камакка алуу жана экспертиза кылганда айыпталуучунун укугунун бузулушу, кылмыш иштериндеги чаташтыруулар,экспертизалар, эксперт куулушчулар менен экономисттер юридикалык суроолорго корутунду бериши, фантазёр тергөөчүлөр», - деп билдирди жактоочу.

Андан сырткары, Слесаревдин сөзү боюнча, коомчулукту УКМКнын дубалдарынын артында токулган калпка ишендирүү үчүн бардыгына барышат.

«УКМК «Адамы болсо эле, беренеси табылат» деген сөздү ырастап жатат».
Мектеп курулушундагы мыйзам бузуу, уруксат берүүчү документтердин алынбагандыгы, отчёттун жактугу, нормативдердин сакталбагандыгы ( КР УКМК маалымат кызматындагы билдирүүдө көрсөтүлгөн) - Булардын баары документтер менен тастыкталып, четке кагылат. Анткени Калыс-ордо турак жай конушундагы мектепти колдонууга кабыл алып жаткан комиссиянын документтери ал сөздөрдү төгүнгө чыгарат., - деп эсептейт юрист.

Айтылып жаткан мектепте азыр балдардын окуп жатышкандыгын баса белгилеп кетти.

«УКМКнын маалымат кызматынын айтымында өкмөттүн ойлогону менен кылганы башкача экен. Эким мектеп куралы деп ойлонуп атып, бирди куруп коюшуптур. Ошондо өлкөдө бир гана түз, таза иштеген орган УКМК экен да», - деп белгиледи Слесарев.

Андан сырткары, ал иликтөө аныктаган 95 миллион сом зыян тууралуу комментарий берди.

«Эки жылдан бери экспертиза кылып атышып, араң аныкташыптырбы? Эгерде эсеп жүргүзүлбөгөн болсо кантип эсептеп чыгарышыптыр аны? Эгерде кытай компаниясы курулушка кеткен 2 миллион долларга эч кандай доомат койбосо, алар келтирилген зыяндын суммасын кайдан алышты? Жалдангандардын аткарган иштерине акча толук төлөнө элек болсо, зыянды кантип эсептеп коюшту? Ал эми КР УКМК маалыматы мындай - «… 1,5 кабат мектептин курулушу», мына сага! Окуучулар кантип жарым кабатта окуп жатышат??? Ушу кантип болсун, мектеп эки кабат болуп курулган. Ушинтип да алдоого болобу. Ушунун баарын КР УКМКсы сотко жөнөткөнү жатабы?», - деп сөзүн аяктады Слесарев.


КСДП маалымат кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх