Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин депутаты Бишкекте кытайларга каршы митинг уюштурууга шектелүүдө

Ирина Карамушкина нааразычылык акциясы убагында Ала-Тоо аянтында эмне кылып жүргөндүгүн түшүндүрүп берди

«Кытайларга каршы» деп аталган митинг үчтүн айынын жетисинде Бишкекте болуп өттү. Мунун артынада Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жана КСДП фракциясынын мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаев турат. бул туурасында «Трибуна» деген Фейсбук соцтармагындагы топко жарыя кылышты.

Чыгарылыштын авторунун маалыматы боюнча, ошол митинг болгон күн Ала-Тоо аянтында Карамушкина жүргөн.

«Ал небересин ойнотумуш болуп китеп саткан дүкөндүн жанынан өттү, ошондо аны менен митингдегилердин айрымдары учурашып жатышты. Андан соң жер төлөдөгү ашканага түшүп, ошол жерден митингге чыккандарга акча таркаткан. Бул фактыдан улам, митингге чыккандардын артында Алмазбек Атамбаевдин тургандыгы айгине болду», - деп айтылат текстте.

Эл өкүлү өзү Vesti.kg сайтына ал күнү Ала-Тоо аянтында чындап эле жүргөндүгүн, бирок митингге тийешеси жок экендигин тактады.

- Мен неберем менен чыккам, биз шаардык балатыны көргөнү чыктык, анткени аларга каникул эмеспи, - деп түшүндүрдү ал. - Мен ал элдерди көргөм, бирок бул кишилерди стакан менен шарик ойноткондор окшойт деп ойлогом. Андан соң биз сүрөтканага кирип, андан чыгып үйгө кеттик. Митинг болгондугун мен кечинде гана билдим. Мени акеча таркатты дегшен маалыматтын кайдан чыккандыгын билбейм. Митингге чыккандардан сурагыла, мени көрүшүптүрбү? Далилдеп беришсин көрсө.

Карамушкинанын айтымында, ал митингдин катышуучулары менен учурашкан эмес. Бирок ошол күнү аянттан ИИМдин бир чиновнигин жоолуктурган.

- Мен ал жерден ИИМдин бир өкүлүн жоолуктурдум - өңү тааныш болчу, бирок билбейм, ал ИИМБ башчысынын орун басары беле же ИИМдин кайсы бир башкармасынанбы. Ал учурашып эле тез өтүп кетти, - деп сөзүн аяктады депутат.

Эске салсак, үчтүн айынын жетисинде Ала-Тоо аянтында 200 ашуун киши катышкан митинг болду. Нааразычылык акциясынын катышуучулары Кытай жарандарына Кыргыз Республикасынын жарандыгын бербегиле деген талап менен чыгышкан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх