Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кытай бороон, Кыргызстан андан чеп тургузбай, тегирмен куруп пайда көрүшү абзел»

 Магистрант Кытайдын билим берүү системасы тууралуу айтып берди

 Кытайдагы Чжэцзян университетинде Кытай тануу адистиги боюнча бир жылдык магистратураны аяктап келген кыргызстандык журналист Айболот Айдосов, Vesti.kg маалымат агенттигине Кыргызстан менен Кытайдын билим берүү системасындагы айырмачылыктар жана келечекке пландары тууралуу маек курду.

 - Кытайда бир жыл окуп, жакында өлкөбүзгө кайттыңыз. Ал жакка кантип барып калдыңыз?

 Ал жакка Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Кытайдын Чжэцзян университетинин ортосундагы келишимдин негизинде жаш лидерлердин билимин тереңдетүү программасы боюнча 2017-жылы бардым. Бир жыл Кытай таануу адистиги боюнча магистратураны окудум.

 - Кытайдын билим берүү системасы бизден эмнеси менен айырмаланат экен?

 Кытайда студенттик жашоо абдан кызыктуу жана окуяларга бай болду. Илимий конференциялар, өлкө ичине саякаттар, фестивалдар жана сынактар байма-бай уюштурулуп турат. Окуу жайда бизге өлкөнүн тарыхы, саясий түзүлүшү, маданияты, каада салты жана жетишкендиктери терең окутулду. Бизди аудиторияда эле кармабай, заводдорго, дүйнөнү дүңгүрөткөн «Алибаба» сыяктуу ишканаларга алып барышты. Шанхай,Пекин,Гуанжоу шаарларын кыдыртты. Билим алуу менен катар спортко жакшы көңүл бурулган.Бассейн,теннис,футбол,баскетбол ойноого шарттар түзүлгөн.

 - Жаш лидерлердин билимин тереңдетүү программасынын шарттары кандай экен?

 Ага сынактын негизинде мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, журналисттер катыша алат. Чжэцзян университетинде көптөгөн кыргызстандыктар билим алышкан. Учурда окуп жаткандар бар. Билим берүү акысыз. Мындан тышкары студентке акысыз батир жана стипендия берилет. Шарттары абдан жакшы. Заманбап лабораториялар, бай китепканалар бар.

-Кытайда студент болуу эмнеси менен оор болду?

Кытай жакшы өнүгүп жаткан мамлекет. Европа өлкөлөрүндөй таза, имараттары бийик, архитектурасы кооз. Коопсуздук маселеси абдан жогорку деңгээлде. Жарандары мыйзамдарды сактайт. Ал жакта мага биздин тоолорубуз көздөн учту. Башка жакта жүргөндө табиятыбыздын баалуулугу абдан эле бааланат экен.

-Ал жакта жүрүп Кыргызстандын тамактары көзүңүздөн өткөн чыгаар?

Жашыруун деле эмес, ал жакта бардык эле кыргызстандыктарга тамак-ашына көнүү бир оор. Кытайлар күрүчтөн жасалган тамактарга басым жасашат экен, анан да кандай тамак болбосун таякчалары менен жешет. Мага ушулары кыйын эле болду. Өзүбүздүн эттү тамактарыбызды сагындым. Кытайлар калориясы аз тамак ашка басым жасашкандыктан семирбейт экен. Биздин ашканабыз оор экенин ошол жактан түшүндүм.

-Башка кайсы өлкөлөрдөн студенттер келип окушат экен?

Кытай өкмөтү чет элдик студентерди өлкөсүнө билим алууга чакырып, алардын алган билимин колдонуусуна кызыктар. Ошондуктан университеттен Америка, Англия, Швеция,Россия,Африка,Пакистан,Монголия жана башкадүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнөн өкүлдөрдү көрүүгө болот. Ал эми биздин группада Азиянын 15 мамлекетинен келген, коомдук иштерге жигердүү катышкан өкүлдөр топтолду.

-Кытайдын бир топ жерин кыдырыпсыз. Алардан үйрөнө турган эмнелерди байкадыңыз?

 Европаны багынткан Напалеон Бонапарт убагында Кытайды дөөгө салыштырып, «Анын уктап жатканы жакшы. Эгер ал ойгонсо, дүйнө жүзү титирейт» деп айткан жайы бар. Бүгүн Кытай ойгонду, бутуна турду. Биз бул эл менен улуттук кызыкчылыктарга ылайык иштешип, экономикабызды өнүктүрүшүбүз керек деп эсептейм. Кытай бороон сыяктуу. Биз ага каршы дубал тургузбай, тегирмен куруп, пайда көрүүбүз учурдун талабы. Кытай учурда «Бир кур, бир жол» аталышындагы экономикалык долбоорун баштады. Биз дагы бул долбоордон пайдаланышыбыз керек.

 - Келечекке пландарыңыз кандай?

Кытай толук изилдене элек деңиз сыяктуу. Аны таануу көз карашыбызды гана кеңейтпестен, ылдам өнүккөн коомдо ынтымакта, тынчтыкта жана достукта жашоого үйрөтөт. Буюрса Кыргызстан менен Кытай арасындагы мамиленин мындан ары бекемделишине салым кошом деген ниетим бар.

 Бурулай Таштемир

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх