Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн Кытай жарандарынын чыныгы саны расмий маалыматтагыга караганда эки эсе көп »

Бирок мамлекетке азырынча коркунуч жок - андан көрө экономикага кам көрүү керек, деп эсептейт «Замандаш» патриясынын лидери Жеңиш Молдокматов

Кытайлык мыйзамсыз мигранттардын биздеги расмий санына ишенгибиз келет, бирок чындыгында алардын саны эки эсеге көп. «Кытайлардын каптоосу» тууралуу өкмөттүн маалыматына «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов ушундайча комментарий берди

- Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун билдирүүсү өз убагында болду, анткени өкмөт өз ишинин маалымат бөлүмүн жөнгө сала албай калмак, - деди ал.
- Антпесе бизде митингдер болуп, анан маалыматтар пайда болот. Бишкек ЖЭБин жаңылоодо депутаттар канча кытай келгендигин да билген эмес, ал эми алардын саны 200 болгон. Алар үчүн атайын шаарча курулгандыгын да билишкен эмес. Анан дагы эмнесин айталы?
Молдокматов Кыргызстанда кытай компанияларынын көптүгүн жана ал жерде КЭР жарадары иштегендигин, анын ичинде мыйзамсыз жүргөндөрү да бар экендигин айтты. Бул айрыкча кыш чыгарган заводдорго тийешелүү. Бул кырдаал бир эле бизде эмес, Европада да ушундай: чет мамлекетке кытай барып ишкана ачат жана ал жакка сөзсүз мекендеш бир топ жамаатын чакырат.

Партиянын лидеринин ою боюнча, муну менен албетте, күрөшүү керек: депортация кылуу керек жана бул тууралуу калкка билдирип туруу керек.

- Бирок биздин өлкө алардын келгинен коркунучка кептелген деле жери жок, - деп баса белгиледи ал. - Анткени менен экономикабызга чындап зыян келтириши мүмкүн: өзүбүзгө да жетишпей жаткан жумушчу орундарын тартыа алышат, ошол эле учурда кыргызстандыктар чет өлкөгө кетип жатышат иштеп келгени. Молдокматов бул маселени кытай компаниялары менен келишим түзүү аркылуу чечүүгө боло тургандыгына ишенет. Мисалы, аларга жергиликтүүлөрдү жумушка алууга көндүрүү аркылуу. Анан да эң негизгиси - бул пункттардын аткарылышын карап туруу керек, Миграциялык кызматтын квотасын текшерүү керек, мамлекеттик органдарда коррупцияга жол бербөө керек. Мигранттарга документ жасаганда жана паспорт берүүдө экият болуу керек.

- Ал эми Кытайдагы мекендештерибиз үчүн санааркап митингге чыгуулар туура эле, бирок чагымчылыкка алдырбоо керек, - дейт «Замандаштын» лидери. - Элдердин эмоциясынан башка күчтөр пайдаланып кетиши мүмкүн, алардын каалаганы өлкөдөгү стабилдүүлүктү бузуу. Мамлекеттер аралык мамиле да ушунун айынан сууйт. - Президентибиз Кытайга учуп барып, мамилени чыңдап келүүгө аракет кылып атса, а бул жакта жарандар «кытай кетсин» деп кыйкырып баарын бузуп жатышат.

Дагы да болсо элге маалыматты так жеткирбегендиктин кесепети болуп жатат деп белгилейт Молдокматов. Мунун баары айып пулдардын жогорулашы менен коштолуп жатат, тактап айтканда жол кыймылынын эрежелеринин айып пулдары менен түкүрүк үчүн айып пул.

- Түркияда мындай мыйзамдарды 90-жылдары сңчыгарышкан, - дейт ал. - Жапонияда, Малайзияда, Сингапурда жана Индонезида ушундай мыйзам чыгарышкан. Германияда айып пул 200 евро. Эч ким арызданбайт, анткени элдерди буга алдын ала даярдашкан. Биздин өкмөттүн да кыргызстандыктар менен байланыш тамырлары өтө көп. Баары акырындык менен жайына келет деп ойлойм.

Кечээ маалымат жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Кытай жарандарынын экспансиясы жана мыйзамсыз миграция тууралуу маалымат чындыкка дал келбеген нерсе деп билдирди.

«WhatsApp та кээ бир жарандар үчтүн айынын он жетисинде митингге чыгууга үндөп жатат, - дейт ал. Анда Кытайдын карызын төлөй албай калсак жерибизди алып коёт деп жатышат. Бул адамдар биздин келишимди окуган эмес. Андай маселе жок. бул калп маалымат».

Бороновдун ою боюнча, эки өлкөнүн ортосундагы мамилени курчутууну каалагандар ушундай кырдаалды түзүп жатышат. Биринчи вице-премьер-министр бул багытта атайын кызмат иштеп жаткандыгын баса белгиледи. Ал Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чегара кызматынын маалыматы боюнча 2018-жылы өлкөнүн аймагына 35 миң 215 КЭР жараны кирген ( 2017-жылы 41 миң 307 жаран кирген), ошол эле учурда 34 миң 436 жаран КЭР жараны КР чыгып кеткен ( 2017-жылы болсо 40 миң 690 жаран чыгып кеткен).

Ал эми Кыргызстандын жарандыгын 268 гана Кытайдын мурдагы жарандары алган. Болгондо да алардын ичинде этникалык кытайлардын саны 6. Калагандары - кыргыздар (171), уйгурлар (72), өзбектер (9), дунгандар (9) жана 1 казак.
причем этнических китайцев среди них было только

2018-жылы бештин айында өкмөттүн маалымат кызматы КЭР жарандары 21 миң 17 виза алгандыгын (2017-жылы 12 миң 310 виза алган) билдирген. Анын ичинде КР аймагына бир жылдын ичинде көп жолу кире турган да визалар бар.

МКК маалыматы боюнча, КЭР жарандарына убактылуу жашоого уруксат 11 миң 966 адамга берилген ( ал эми 2017-жылы болсо 18 миң 312 болгон), алардын ичинен 9 миң кытай убактылуу Кыргызстанда иштөөгө уруксат алышкан (Алардын саны 2017-жылы 11 миң 593 болгон).

Андан сырткары, 2010-жылдан 2018-жылга чейинки убакытта КР 60 жараны КЭР жараны менен расмий никеге турушкан (нике кагазын алышкан). Мурда болсо Жеңиш Молдокматов Vesti.kg сайтына Кыргызстанды 100 миң ашуун мыйзамсыз мигранттар бар, алардын 90 пайызы Кытай жарандары деп билдирген эле.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх