Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмилбек Каптагаев: Ак үй Текебаевге ырайым кылуу маселеси тууралуу бир нерсени толук айтпай жатат

Убактылуу өкмөттүн аппаратынын мурдагы жетекчиси президенттин аппараты элдин баарын жиндиге чыгарбасын деп өтүнөт

Президенттин алдындагы ырайым тууралуу комиссиянын өткөөл мезгилдин экс-президенти Роза Отунбаеванын Өмүрбек Текебаевге ырайым суроо өтүнүчүн кароодон баш тартышы көптөгөн саясий ишмерлерди кайдыгер калтырган жок.

Кээ бирөөлөрү буга бул жаңылыкка өтө чукул реакция кылышты.
Тактап айтканда, Ысык-Көл облусунун мурдагы башчысы, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Эмилбек Каптагаев Ак үйдү өлүмүш болуп жатат деди.

«Экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүнө Жогорку Кеңештин бардык фракция лидерлери кол коюп берип жаткандан кийин, Текебаевге ырайым кылуу өтүнүчү четке кагылган убакта бул маселе парламентте карлышы керек болчу. Ачык уктуруу болуп, мыйзамдын нормалары жоромолдонушу керек эле. Ушундай болушу керек эле…

Бул жерде Ак үй тараптан бир нерсе жашырылып жатат. Алар тымызын Текебаев күнөөнү мойнуна алышын күтүп жатышат. Аны ошого түртүп жатышат.

Мунапыс жана ырайым кылуунун жалпы принциптери боюнча» мыйзамда соттолгон адамдын катышуусу жок эле өтүнүч карала берет, ошондуктан Президенттин алдындагы Комиссия мындай кылганга акысы жок болчу. Элдин баарын жинди деп ойлошобу булар.

21-беренеде ачык, так жазылып турат, «ырайым кылуу тууралуу өтүнүч эреже катарында соттолгон адамдын өтүнүчү менен каралат», «эреже катары» деген сөз соттолуучунун өтүнүчү жок да карала берет дегенди түшүндүрөт. Ал сөз ошого жол берет. Жакшы эмес… Бул эң жаман көрүнүш. Бул кезектеги элге карата болгон карасанатайлык», – деп жазат Каптагаев.

Мурдагы премьер-министр Кулов да өз кезегинде четте калган жок, ал да Комиссиянын чечимин сынга алды.

«Экс-президент Роза Отунбаеванын өтүнүчүн жана 6 фракциянын лидерлеринин суранычын Текебаевди күнөөлүү кылабыз деген гана негизде Комиссия карабай койду. Конституциянын 6 беренесине ылайык ал жогорку юридикалык күчкө ээ жана тезинен аткарылышы керек эле. 64 берененин 10 пунктунда президент ырайым кылууга укуктуу. Ошону менен бирге ал жерде соттолуучунун жеке кайрылуусу керектигин көрсөтпөйт. Ушундан улам, бул маселеде акыркы чечимди кабыл алуу соттолуучунун өтүнүчү барбы же үчүнчү жакты өтүнүчүбү баары бир президент жеке өзү гана чечим кабыл алышы керек. Ал эми Комиссиянын милдети техникалык иштерди аткаруу менен чектелет, ал документтерди чогултуп, Президенттин кароосуна даярдап берет. Ошондуктан Комиссия азыр өзүнүн ыйгарым укугунан чыгып, укуктук эмес иш кылды», - деп жазат Кулов өзүнүн соцтармактагы баракчасына.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх