Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутаттарды экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамын кабыл алууга шаштырып жатышат

Бул чуулгандуу документтин үстүндө азырынча Жогорку Кеңештин тийешелүү комитети иштеп жатат

Жогорку Кеңештин депутаттары кесиптештерин экс-президенттин кол тийбестигин алуу мыйзамын батыраак кабыл алууга шаштырып жатышат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына бул мыйзам долбоордун демилгечилеринин бири Исхак Масалиев билдирди.

- Парлимент биринчи окууда мыйзамдыжактырган, - деп эскертти эл өкүлү. - Азыр болсо ал мыйзамдын үстүнөн Жогорку Кеңештин тийешелүү комитети иштеп жатат. Депутаттардын баары каникулдан келген соң бул мыйзамды тезинен карайбыз.

Эске салсак, «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдик тууралуу» мыйзамга түзөтүү киргизүүнү депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев демилгелешкен. Түзөтүүнүн авторлору мыйзамдын 12-беренеси экс-президенттин кол тийбестигине кепилдик берүү менен бирге Конституцияга каршы келет деп эсептешет. Башмыйзам бардык жарандардын мыйзам алдында бирдей экендигин айтат. Бул мыйзам долбоор менен «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдик» мыйзамынын 12-беренесин алып салуу сунушталат.

Былтыркы жылдын тогуздун айынын башында Жогорку соттун Конституциялык палатасы Нурбек Токтакуновдун доо арызын канааттандыруу чечимин кабыл алды, анткени ал да экс-президенттин кол тийбестиги Конституцияга каршы келээрин айткан болчу.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх