Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ президенттин шайлоо алдындагы штабынын кызматкерлери чуулгандуу документ тууралуу эмне дешкендерин айтпайт

Милиция бул маалыматтарды тергөөнүн купуялыгына шылтап ачыкка чыгарышпайт

Ички иштер Министрлиги чуулгандуу документ боюнча тергөө текшерүүсү бүтүп калгандыгын билдирген, ал документте президенттин шайлоо алдындагы чыгымдары көрсөтүлгөн эле. Белгилүү жактоочу Нурбек Токтакунов ал документти коммчулукка жарыялап жиберген.

Уукук коргоочулар президенттикке талапкердин борбордук шайлоо штабынын жетекчилери суракка алынды деп билдирген. Шайлоо табынын кызматкерлери, начальниктери жана республиканын аймактык штабдарынын кызматкерлери суракка алынган.

Анткени менен суракка алынгандар чуу кылган документтин маңызы тууралуу эмне айтышкандары белгисиз бойдон калууда.

- Тергөөнүн купуялуулугу деген бар, ошого байланыштуу биз андай маалыматтарды азыр бере албайбыз, - деп Vesti.kg сайтына жооп беришти ИИМ маалымат кызматы.

Андан сырткары, мекемедегилер тергөө амалдары жүргөн убакта кимдерди суракка алышкандарын да тактап айтышкан жок.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх