Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Элчилик паспортту берүү идеясынын өз жактоочулары пайда болду

Ишкерлер чиновниктерге караганда Кыргызстанга көп пайда алып келет деген ойлор бар

Депутат Акылбек Жапаровдун ишкерлерге элчилик паспорт берүү идеясынын өзүнүн мааниси бар. Мындай деген пикирин Vesti.kg сайтына белгилүү саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирди.

- Биздин өлкөдө ири миллионерлер саналуу гана, алар мамлекетке салыкты бир жыл ичинде бир нече миллиард сом төгүшөт, - деп белгиледи ал. Бирок чынында эле мамлекеттин экономикасы алардан көп жагынан көз каранды. Мындай деңгээлдеги ишкерлер чет мамлекеттерге бат бат чыгып турушат, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшөт. Белгилей кетүүчү маанилүү жагдай - алар өз каражаттарына учушат. Ошол эле учурда жүздөгөн мамлекеттик кызматкерлер мамлекеттин эсебинен чет мамлекетке барышат. Ошондо ким пайдалуураак?

Бакыт Кушбекович Кыргызстандын өнүгүүсүнө иш жүзүндө пайда алып келип жатканжарандарга элчилик паспорт берүүнүн коркунучу деле жок экендигин кошумчалады.
- Чет элдик жыйындарда эч кандай маселе чечпеген чиновниктердин элчилик паспортун алып салуу керек, алар өлкөгө чыгым гана алып келет, - деп сөзүн бүтүрдү ал.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты депутат Акылбек Жапаров коомчулуктун талкуусуна «Кыргыз Республикасынын элчилик паспортун колдонуу жана берүү маселеси тууралуу» токтомдун долбоорун алып чыккандыгын жазган эле. Анда депутат 3 жыл ичинде 10 миллион сомдон ашык салык төлөгөн ишкерлерге 5 жылдык мөөнөт менен элчилик паспорт берүүнү сунуштаган.

Ошоентип Жапаров өлкөнүн экономикасына салым кошкон Кыргызстандын жарандардын эмгегин ушундай жол менен баалап коюуну сунуш кылды. Ошону менен бирге эл өкүлү бул норма алардын мындан ары да салык төлөөсүнө стимул болуп бермек деп ишенет.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх