Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын эсепчиси Кыргызстанга келүүгө ниеттенип жатат

Бирок Надира Сатыгул кызы бир шарт менен келет

Жакынкы убактарда Сооронбай Жээнбековдун шайлоо алдындагы штабынын каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу адамы Надира Сатыгул кызы Кыргызстанга келгени жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДП расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

- Надира Сатыгул кызы жакынкы убакта Кыргызстанга келээри тууралуу билдирген, - деп белгиледи ал. - Бирок ал ага басым болбой турган болсо гана келээрин айткан.

Эске салсак, мурда КР ИИМ президенттин шайлоо алдындагы штабынын чыгымдары тууралуу чуллгандуу документ тууралуу тергеп текшерүү иштери аяктагандыгын билдирген. Президенттикке талапкердин борбордук шайлоо штабынын жана аймактык шайлоо штабдарынын кызматкерлери менен начальниктери суракка алынган. Азыркы учурда суракка алып текшерүү аяктаган.

Шайлоо штабынын каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу адамы Надира Сатыгул кызынын Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ал келгенде суракка чакырылып, андан соң ИИМ тергөө кызматы акыркы чечимди кабыл алат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх