Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жол киренин кымбатташы: Бишкек шаар кеңеши маселени карай элек

Тийешелүү комиссия азырынча расмий сунуш түшө электигин билдирди

Бишкектин маршруттук таксилеринин жол киресин кымбаттатуу боюнча сунуш шаардык кеңештин тийешелүү комиссиясына келип түшө элек. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына аталган комиссиянын мүчөсү Павел Десятников билдирди.

- Бул маселе тууралуу материалдар азырынча биздин карообуз үчүн түшө элек, - деп комментарий берди ал. - Документтин өзү да жок.

Эске салсак, мурда Бишкектин маршруткаларынын баасы 2 сомго кымбаттаары белгилүү болгон.

Ордо калаанын вице-мэри, транспорт иштерин көзөмөлдөөчү Максим Ситников мурда букл маселени карап чыгуу зарылдыгын шаар кеңешинин сессиясында жана тийешелүү комитетте айткан эле.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх