Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Вице-мэр Бишкектин санитардык полигонунда сөгүнүп, жаңжал кылдыбы?

МИ кызматкерлери Рыспек Сарпашевдин үстүнөн прокуратурага арызданганы жатат деген маалымат бар

Бишкектин турак жай чарбачылыгы маселеси боюнча вице-мэри Рыспек Сарпашев «Бишкек санитардык полигону» МИ аймагында жаңжал кылды. Бул тууралуу борбор шаардык муниципалитеттеги буактар маалымдады.

- Учурда полигондогулар мэр Азиз Суракматовго, БШК спикерине жана прокуратурага арыз жазып жатышат, - деп билдирди Шаар администрациясы. - Анткени Сарпашев жума күнү келип баарын сөгүп, көптөрүн жумуштан бошоткон.

булактардын маалыматына караганда, вице-мэр санитардык полигондун кызматкерлерине ЖМК өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө тыюу салган.

- Ал журналисттерди киргизбөөнү талап кылды, - деп билдиришти Vesti.kg сайтына. - Азыр прокуратура экинчи козголо турган кылмыш иши тууралуу карап жатат.
Рыспек Сарпашевдин өзү болсо комментарий үчүн жеткиликсиз болуп жатат. Анын кабылдамасындагылар вице-мэрдин жумушчу ордунда жок экендигин Vesti.kg сайтына билдиришти.

ошону менен бирге эле Vesti.kg сайты Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алманбетовага комментарий үчүн кайрылды. Ал өз кезегинде полигондогу кырдаалды тактаган да, жокко чыгарган да жок.

- Бизге ошол редакцияга түшкөн расмий арызды бергилечи. Биз жалган маалыматтар менен иштей албайбыз, - деп комментарий берди ал.

Эске салсак, мурда Башпрокуратура борбор шаардын мэриясынын чиновниктерине карата санитардык полигонду жаңылоого берилген донордук каражаттарды колдонуу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогондугун билдирген эле.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх