Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытай Кыргызстанга лаборатория курулушу үчүн 20 миллион доллар бөлүп берет

Жогорку Кеңештин депутаттары суугат жерлерди трансформациялоо тууралуу мыйзам долбоорду карашат

Кыргыз өкмөтү жерлерди трансформациялоону качан гана кытай инвесторлору акча сунуштаганда гана көтөрө калышат. Мындай деген пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакпаев парламенттин жыйынында билдирди.

- Трансформация боюнча маселени капкачан эле чечүү керек болчу, - дейт эл өкүлү. - Бирок ага кытай инвесторлору түрткү болду. Эмне үчүн биздин карапайым элдер суранганда унчугушпайт? Бул инвесторлор кимдер?

Өкмөттүн мүчөсү депутатка негизги инвестор Кытай болуп саналаарын айтты.

- Алар заманбап фитосанитардык лаборатория курууга, агрожерге жана биологиялык лабораторияга 20 миллион АКШ долларын бөлүп берип жатышат, - деп түшүндүрдү ал.
- Бул курулуштар үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү керек.
Андан сырткары, өкмөт мүчөлөрү курулуш үчүн Ат-Башы айыл өкмөтүнөн 4 гектар жер бөлүнүп берилээрин билдиришти.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх