Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы президенттикке талапкер: Жалган куранда митингдер башталса таң калбайм

Жаңы кодекстерди коррупцияга эшик ачат жана чыныгы диверсия

Ушул жылы күчүнө кирген жаңы кодекстер бирдиктүү системасынынжоктугшуна байланыштуу Кыргызстанга коркунуч алып келет. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына мурдагы президенттикке талапкер Токтайым Үмөталиева билдирди.

- Кылмыштуулуктун эбегейсиз зор блогун алып чыгып жатышат, - дейт ал. - Абанын булганышы, токойлордун жок болушу, дарыгерлик жашыруун сырдын бузулушу, жыныстык жугуштуу оорулардын күч алышы, адам органдарынын сатылышы, адамдын органын алмаштыруу мезгилиндеги өлүм - бул демейдеги эле көрүнүш болуп калды. Бул кылмыштардын аягы качан сууй тургандыгы да белгисиз. Керектен чыккан медициналык жабдууларды чыгаргандыгы үчүн - айып пул 5 миң сомдон 17,5 миң сом гана, ал эми юридикалык жактар үчүн 55 миң сом. Чандалаштагы 30 гектар токойду жок кылгандыгы үчүн 58 миң сом айып пул салынгандан кийин эмнесин айтабыз.

Активист сот реформасынын авторлору кылмыш жообуна тартылыш керек дейт, ойлонулбай кылган иштин айынан миңдеген соттук иштер токтоп турат.

- Мен төрт ишти алып барам, - дейт Үмөталиева. - Соттор эми тергөө сотуна айланышат, менин ишимди болсо башка бирөөгө беришет. Жаңы сот ишти өздөштүргүчө… Өзүңөр ойлоп көргүлөчү, адам тергөөдө 4 жыл отурду, эмне, дагы 4 жыл отурушу керекпи? Менин иштерим - 7 томдон, 12 томдон турат. 8ге, 48, же 100 күбөдөн ашуун. Баарын башынан жасоо керекпи?

Анын сөзү боюнча, эреже бузуулардын Жалпы реестри өзүнө тагылган милдетти аткара албайт, анткени ал жакка тергөөдөн сырткаркы бардык иштерди киргизүү үчүн баарын башынан кылуу керек.

Укук коргоочу эми эреже бузуу тууралуу берене КР Кылмыш кодексинде да, эреже бузуу Кодексинде да бар. Бул деген өзүнө коррупциянын кеңири талаасын камтыйт.
Анын ою боюнча, айып киргизүүнүн 8 баскычтуу системасы соттордун чөнтңгүн толтурууга оңтойлуу болуп калат.

- Бул деген өлкөгө каршы ачыктан ачык диверсия болуп саналат, бекеринен бул түшүнүктү жаңы кодекстен алып салышкан жок да, - деп күйөт Үмөталиева.
- Бул реформасы менен бийлик ондогон кесипкөйлөрдү өлкөдөн кетиргенге өбөлгө түздү. «Ачык асман» - ошол категориялардын бири. Бизде авиация деген болбой калат. А эмне экен, биздин адистерди чет элдик компаниялар кош колдоп тосуп алышат. Эгерде жалган куранда митингдер башталса мен таң калбайм. бул жерден эч кандай саясат издөөнүн кереги да жок.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх