Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жумуш боюнча чалышты». Свердлов районунун акими эмне үчүн телефонго алаксып кеткендигин түшүндүрдү

Райадминистрация башчысы Самарбек Болотбековго БШК комиссиясынын жыйынында эскертүү кылышты

Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков ага Бишкек шшар кеңешинин муниципалдык менчик, жер маселеси, шаар архитектурасы жана архитектура боюнча жыйынынын учурунда эскертүү беришкендигин айтып берди.

Чиновник Vesti.kg сайтына ага жыйын болуп жатканда телефон чалып жиберишкендигин түшүндүрдү.

- Жумуш боюнча чалышты, - деди ал. - Мен азыр сүйлөшө албайм деп туруп эле өчүрүп салдым.

Самарбек Болотбековичке жыйында телефон менен сүйлөшкөндүгү үчүн комиссиянын төрагасы Базарбек Абдраев эскертүү кылды.

- Биз баарыбыз эле телефонго жооп бербей отурабыз. Сиз туура түшүнүңүз, - деп кайрылды Абдраев акимге.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх