Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын муфтийинин коомдук телеканалдан чыгып сүйлөгөнгө акысы барбы?

Эксперт Кыргызстандын муфтийи Максат ажы - көп өлкөлөрдө тыюу салынган «Таблиги Жамаат» кыймылынын тарапташы экендигин айтат

Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев эми күн сайын КТРК коомдук телеканалынан апталык диний берүүнү алып барат. Бул жаңылыкты активист Эдил Байсалов таө калуу менен өзүнүн Twitter де бөлүшкөн.

«эми КТРде апта сайын муфтийдин берүүсү, - деп жазат ал. - Баса, биздин Азиретибиз «Таблиги Жамаат» уюмунун ишин колдоочулардан экендигин өзү да танбайт. Бул уюмга Казакстанда, РФ, Тажикстанда, Өзбекстанда жана КЭРде тыюу салынган».

Мусулман Диний башкармалыгынын маалымат кызматындагылар Эдил Байсаловдун маалыматын четке кагышты. Андагылар Vesti.kg сайтына активисттин айткандары чындыкка дал келбейт жана КТРКда Максат ажынын берүүсү жок дешти.

Кыскасы, Диний башкармалыктын кызматкерлери башка телеканалдарда байма бай конок болуп турушаарын маалымат кызматкерлери моюндарына алышты.

- Кыргызстандын муфтийи «Таблиги Жамаат» уюмунун жактоочусу эмес, - дешти андагылар.

Коомдук телерадиокорпорациясынын кабылдамасындагылар да Диний башкармалыктын телеканалга тийешеси жоктугун айтышты.

Дин иштери боюнча Мамлекттик комиссиянын мурдагы башчысы Орозбек Молдалиев коопсуздук органдары диний телеберүүлөрдү көңүл буруп карап тууруу керект деп эсептейт.

- Муфтий өзүнүн «Таблиги Жамаат» уюмунан экендигин жашырбай эле айтып жатпайбы, - дейт Vesti.kg сайтына эксперт. - Ошондуктан, эгерде Максат ажы өлкөнүн демократиясына салым кошуп, жакында эле болгон мүрзөдөгү вандализмге каршы сүйлөсө, анда эфирден убакыт бөлүп берүү керек. Ал эми диний үгүт иштери болсо, анда кеп башка.

Молдалиев Кыргызстандын дин ишмерлери светтик жашоого кирип келишкендиктерин белгиледи. Мисалы, шайлоо кампаниясында катышып, белгилүү бир талапкер үчүн үгүт иштерин жүргүзөт.

- Бир жолу уламалар кеңешинин мүчөсү болгон бир депутат «Хизбут Тахрир» уюмун ачык эле жактап чыкты. Ал өлгөндөргө атап куран окубаш керек, кимде ким окуса ал каапыр, - деди ал. - Алтургай христиандарды да динсиз деп атоого болбойт эмеспи. Дагы бирөө көп аял алууну пропаганда кылган, милиция ушул убакка чейин териштирип жүрөт. Териштиримиш болуп жүрөт.

Эксперт дин тууралуу атайын ага арналып бөлүнгө жерде гана оюн айтуу керек, коомдук телеканалдан айтуу туура эмес деген оюн айтты.

Ал бир жолу «Дин жана коом» деген Мамлекеттик дин комитети тарабынан ачылган телеберүүнү бир диний ишмерге эфирден убакыт берүү үчүн жабууга аракет жасашкан. Алардын кысымына туризм, маалымат жана маданият Министрлигинин кийлигишүүсү менен гана туруштук беришти.

- «Таблиги джамаат» болсо катуу үгүт кылып жатат, ошондуктан ага коңшу өлкөлөрдө тыюу салып коюшкан, - дейт Молдалиев. - Анткени экстремисттер дароо эле өз ойлорун айта салышпайт. Мен биздин муфтий андай иштерге барат деп ойлобойм, бирок бул чөйрөгө такай көзөмөл кылып туруу керек.

«Таблиги Жамаат» уюмунун тарапкерлери теракт кылууда байкалган эмес, анткени менен келечектин радикалдары даабат айтуу менен башташат эмеспи деп айтат мурда УКМКнын офицер журналисти болгон Нуркан Эшимбеков.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын мурдагы орун басары отставкадагы генерал-майор Артур Медетбеков болсо Пакистанда жана Афганистанда «Ал-можахед» террористтик уюму ушул «Таблиги Жамааттан» чыккандыгын эскертет.

Белгилей кетсек, 2017-жылы «Йакын инкар» экстремисттик деп табылды, ал мурун «Таблиги жамааттан» бөлүнүп чыккан.

Кыргызстан – мурунку СССРдин аймагындагы жападан жалгыз «Таблиги жамаатка» тыюу салынбаган өлкө. ЖККУ да бул уюмду экстремисттик деп эсептейт.

Буларга тыюу салууга Кыргызстанда эки жолу аракет жасашты: 2009-жылы жана 2015-жылы, бирок эч кандай натыйжа чыккан жок.

Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгыбул кыймыл салттуу исламды үйрөтөт жана күнөө кылбоого чакырат деп көшөрүшөт.

Муфтий Максат ажы Токтомушев – мурда таблигчилер жамаатынын амири болгондугун Stanradar.com жазып чыкты. Бүгүнкү күндө Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгынын атайын дааватчыларды даярдоочу расмий курстары бар. Курсту бүткөн соң, алардын бүтүрүүчүлөрүнө сертификат берилет, ага мамлекет башчы тарабынан алты ай ичинде даават айтууга уруксат берилет.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх