Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бир чоң оппозициялык партия түзүлүшү мүмкүн

Мурдагы башпрокурор бул командага кимдер кирээрин айтып берди

2020-жылы Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо болот, ага жаңы оппозициялык партия катышышы мүмкүн.

Мурдагы башпрокурор Азимбек Бекназаров Vesti.kg сайтына алар пикирлештери менен бул саясий бирикмени түзүүнү караштырып жатышкандыгын айтты.

- Бул азырынча божомол гана, - деп белгиледи саясатчы. - Биз мурун айткандай, өлкө башчысы курултайда айтылган реформаны колдосо, анда биз азыркы президентти колдойбуз. Биз азыр максаты, планы бизге окшош кишилерди уюштуруп жатабыз. Биз бир чоң партия түзөбүз.

Азимбек Анаркулович бул командага кошула турган белгилүү саясатчылардын аттарын атаган жок.

- Экс-президент, экс-спикер бар, мурдагы депутаттар жана башпрокурорлор менен соттор бар, - деп эсептеди ал.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх