Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат: Өкмөт жаңы документтерди ойлоп таап, айдоочулардын кыжырын гана келтирип жатат

«Элдин чөнтөгүн дагы бир жолу какканы жатат деген ой пайда болду»

Өкмөт улам эле бир документти ойлоп таап айдоочулардын кыжырына тийип жатат. Бул туурасында депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.

- Жакында ММК жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү киргизүүнүн көздөп жатат, - деп эскертти. - Биз муну айдоочулардын документ алышына карата болгон оңойлотулган кадам деп ойлогонбуз. Көрсө элдин чөнтөгүн дагы бир ирет какканы жатышыптыр.

Маматалиев министрлер кабинетинин башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев Грузияга тажрыйба алмашууга кеткендигин белгиледи.

- Аларда айдоочулар күбөлүктү өзү менен алып жүрүүгө милдеттүү эмес, анткени бардык маалымат электрондук базага киргизилет, - деп айтат ал. - Бизде качан ошондой болот? Эртерээк жаңы Кодексти бир жаңсыл кылгыла. Эгерде өкмөт айдоочуларга жардам бере албаса, анда отставкага кетсин.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх