Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ала-Тоо аянтында кезектеги кытайга каршы маанайдагы митинг өтүп жатат

Ал жерге Бишкек ИИМБ начальниги Сталбек Рахманов келди

Борбордук Ала-Тоо аянтына кытайга каршы митингчилер топтоло баштады. Азырынча алардын саны анчалык деле көңүл бураарлык эмес.

Учурда белгиленген жерге 50 чукул адам топтолду. КТРК башчысы Илим Карыпбековдун отставкасын талап кылган үндөр угулат. Анткени ал нааразы болгондорго эфирден убакыт бербей койгон болчу. Чогулгандар өкмөттүн өкүлдөрүнүн бирөө аларга келишин талап кылып жатышат.

Эске сала кетсек, биринчи жолу акция үчтүн айынын жетисинде өткөн эле. Ага 200 жакын адам катышкан. Алар Кытай жарандарына Кыргызстандын жарандыгын берүүгө каршы чыгышкан.

Мурда Бишкек ИИМБ начальниги Стабек Рахманов Vesti.kg сайтына борбор шаардын милициясы митинг тууралуу билдирүү алгандыгын айткан эле. Ал өзү баш болуп Ала-Тоо аянтына чыкты.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх