Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Түкүрүктүн өкмөтү». Депутат министрлер кабинети тууралуу эл эмне деп жаткандыгын айтып берди

Рыскелди Момбеков эреже бузуулар тууралуу жаңы Кодекстеги айып пулдарды азайтууну сунуштады

Кыргызстандагы ар бир өкмөт өзүнүн атын алып жүргөн, ошондой эле бүгүнкү өкмөттү да эл «түкүрүктүн өкмөтү» деп атап жатышат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында Рыскелди Момбеков айтты.

- Ооба, бул жагымсыз угулат, бирок татыктуу ат, - деп белгиледи ал. - Министрлер кабинети бул атты өзүнө өзү тилеп алды. Түкүрүккө айып пул салууну киргизишти, бир да мамлекетте мындай мыйзам жок. Орусияда миңдеген мигранттарыбыз жашап жатат. Менимче алар деле түкүрсө керек. Бирок аларды эч ким айып пул төлө дебейт. 2 миң сом пенсия алган чалга милиционер келип туруп, айып пул төлө деп жатканын элестетип көргүлө. Ал ошол милициянын бетине түкүрөт.

Момбеков эреже бузуу Кодексинде көрсөтүлгөн башка да айып пулдарга нааразы болду.

- Мас абалында машина айдаса 17 миң сом айып салынат, - деп эскертет ал. - Бирок, адегенде айлыкты 30 миңге көтөрсүн да, анан салсын айып пулдарын. Мен өкмөттү бул мыйзамдарга түзөтүү киргизет деген үмүттөмүн. Бир гана сураныч аларды пакети менен алып келгиле, бирден алып келбестен.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх