Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Жогорку Кеңешке балалуу энелер келишет, алардын балдарын болсо текшерип өткөрмө жайга калтырууну сунушташат»

Дастан Бекешев парламентке кирүү эрежесин өзгөртүүнү жана карапайым жарандар үчүн дресс-кодду оңойлотууну талап кылат

Жогорку Кеңештин аппараты карапайым жарандар үчүн парламентке кирүүнү жеңилдетүүнү кайра кароосу зарыл. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында айтты.

- Карапайым кишилер депутаттардын кабыл алуусуна көп келишет, текшерип өткөрө турган жерде алардын кийимине сын тагшышат, -деп белгиледи ал. - Жакында эле мага көзүндө маселеси бар киши келди. Ал коштогон кишиси менен келген, бирок аларды киргизбей коюшкан. Анткени, коштогон кишисинин кийгени джинсы шым экен.

Эл өкүлү Жогорку Кеңешке келчүлөрдүн көбү аймактардан келээрин кошумчалады.

- Мына, мисалы, Нарындан киши келди дейли, анын Бишкекте токтоп, жатып кеткенге тууганы жок. Эмне ал көчөдө туруп алып кийим котрушу керекпи? - деп нааразы боду депутат. Болбосо, эне-бала депутатка келет, аларды киргизбейт, баласын текшерип өткөрмө жайда алып калат. Бул айбанчылык. Мындай эрежени өзгөртүү керек.

Эске сала кетели, кечээ депутаттар Кыргыз Республикасынын илим, билим берүү Министрлигинин чиновнигин эрежеге ылайык кийинип келбегендиги үчүн сыртка чыгарып жиберишти. Эл өкүлдөрүнө мамлекеттик кызматкердин күрмөнүн ичинен көйнөк кийип, галстук тагынбай, свитер кийип алгандыгы жакпай калган.

Вероника Малышева
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх