Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги митингге катышкандардын саны көбөйүүдө. 500 чамалуу киши чогулду (видео)

Нааразы болгондордун маанайы чөгүңкү. Чогулгандар Кыргызстанга мыйзамсыз келип жаткан кытайларга каршы сүйлөп жатышат

Бүгүнкү Ала-Тоо аянтында кытайга каршы болуп жаткан митингдегилердин саны тамашалашпай турган өңүттө өсүп жатат. Нааразычылык акциясынын катышуучуларынын саны 500 жетти.

Чогулган эл Кытай жарандарынын Кыргызстанга мыйзамсыз келип жатышына каршы сөз сүйлөп жатышат жана бир катар талаптарды койду.

Алардын сөзүнө караганда, Кыргыз жарандыгын бир гана этникалык кыргыздарга берүү керек. Андан сырткары, алар Кыргызстандын аймагындагы кытай ишканаларындагы мыйзамсыз жүргөн кытайларды текшерүү үчүн атайын комиссия түзгөнү жатышат.

Ошону менен бирге митингге чыккандарКыргызстандын КЭРден алган карызынын өсүшүнө жоопкерчилиги бар чиновниктерди текшерүүгө алууну каалашат.


Нааразычылык акциясынын катышуучулары кыйкырык, бакырык салганы менен өз ара тил табышып жатышат.

Зулайка Эркимбаева
Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх