Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек ИИМБ начальниги: Бизге чындап эле митинг тууралуу билдирүү келди

Ошону менен бирге Сталбек Рахманов кытайга каршы акциянын катышуучуларынын кармалгандыгы тууралуу маалыматты четке какты

Бишкек ИИМБ 10-бөлүмүнүн кызматкерлери кытайга каршы акциянын уюштуруучуларын кармай баштады. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагында Улуттук банктын төрагасынын мурунку орун басары, мурдагы чекист Абдымалик Мырзаев билдирди.

«Укук коргоо уюмдарынын мүчөлөрүн, партиялардын, кыймылдардын мүчөлөрүн, айтор ушул митингге катышабыз дегендердин баарын кармай баштады. Алар нааразычылык акциясында бийликке социалдык-экономикалык тотолуп калган талаптарды коймокчу болушкан», - деп жазат ал.
Ал ортодо Бишкек ИИМБ начальниги Сталбек Рахманов Vesti.kg сайтына ал кармоолор тууралуу маалыматты четке какты. Ошондой эле учурда ал өзү Ала-Тоо аянтында тургандыгын кошумчалады.

- Мен эч кандай кармоолор тууралуу билбейм, - деди Сталбек Кеңешбекович. - Менимче ал кылмыш ишинин алкагында болуп жатса керек. Ал эм митинг тууралуу болсо, бизге чынында эле митинг болгону жатат деген билдирүү келип түшкөн.

Эске салсак, бүгүн борбордук Ала-Тоо аянтында кытайга каршы митинг болуп жатат. Муну ким уюштургандыгы белгисиз бойдон калууда.

Мурда WhatsAppтагы топтолрдун жардамы менен катышуучуларды чогултушкан, бирок кечкурун интернет колдонуучулар көптөгөн активисттер катышуудан баш тарткандыгын билдиришкен.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх