Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК вице-спикери свитерчен келип жабыр тарткан чиновниктен кечирим сурады (видео)

Мирлан Бакиров анын сөзүн ЖМК туура эмес берип койгондугун билдирди

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Мирлан Бакиров чиновниктин алдында кечирим сурады. Анткени аны кечээ кийимиң жаман экен деп жыйындын залынан чыгарып жиберишкен болчу.

Эл өкүлү анын сөзүн ЖМК туура эмес берип койгондугун белгиледи. Ал эми илим, билим берүү Министрлигинин кесиптик билим берүү бөлүмүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысына берилген эскертүү толук эмес жооп бергендиги үчүн болгон.

- Мен бул чиновник тизмеде жок экен, кете берсе деле болот деп айткан болчум, - деп тактады Бакиров. - Эскертүүнү болсо кийимине эмес, толук эмес жооп бергендиги үчүн айткан болчум. Эгерде биздин сөзүбүз анын кадыр баркына доо кетире турган болсо, же үй бүлөсүнүн, коомучулуктун аброюна шек елтирген болсок, анда ушул учурдан пайдаланып кечирим сурайм.

Вице-спикердин болгон окуяга түшүндүрмө берип жаткан видеосун Жогорку Кеңештин маалымат кызматы таркаткан.

Эске сала кетсек, «Билим берүү тууралуу» мыйзамды караардын алдында депутат Алмазбек Токторов билим берүү Министрлигинин өкүлү Талантбек Тынысовдон эмне үчүн футболкачан келдиңиз деп сурады.

Тынысов өз кезегинде кийип турган нерсесинин свитер экендигин түшүндүрдү, ал эми жыйынга ал ооруп калган начальнигинин ордуна келген.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх