Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Осмонбек Артыкбаевдин иши боюнча иликтөө бүтө элек

Экс-депутаттын жактоочусу материалдарды сотко өткөрүп беришти деген маалыматты төгүндөдү

Камактагы Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Осмонбек Артыкбаевге карата козголгон иштин материалы сотко өткөрүлүп бериле элек. Бул туурасында Vesti.kg сайтына анын жактоочусу Айжан Орозакунова билдирди.

Мурда ЖМК мурунку депутаттын ишин иликтөө аяктагандыгын билдиришкен болчу.


Орозакунова бул маалыматтты четке кагып,Vesti.kg сайтына Бишкек ЖЭБ модернизациялоо тууралуу ишин иликтөө ушул жылдын бирдин айынын он үчүнө чейин узатышкандыгын билдирди.

- Көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин бардык материалдарды топтоп үлгүрүшөбү, же жокпу али белгисиз, - деп түшүндүрдү ал. - Андан сырткары, ЖЭБ ишине тийешелүү кишилердин бардыгынын жактоочуларын докуменеттер менен тааныштырып чыгуу керек. Ошондон кийин гана иш прокуратурага берилет, андан ары анан сотко өтөт.
Ошону менен бирге юрист Осмонбек Артыкбаев мурункудай эле ооруканада жаткандыгын маалымдады.

Эске салсак, Артыкбаевдин ооруканага жаткырылышы 2018-жылы бештин айынын төртүндө белгилүү болгон. Ал кезектеги операциясын жасаткан.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх