Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Маданият министри: Театрдын жетекчилерин жоопко тартуу маселеси юристтер менен талкуугу алынып жатат

Мельпомена храмында компьютердик оюндардын таймашынын өтүшүнө депутаттар кандай карашат?

Кыргыз улуттук опера жана балет театрында компьютердик оюндарга байланышкан иш чаралардын өтүшү жол берилбей турган нерсе. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына депутат Исхак Масалиев билдирди.

- Буга окшогон иш чараларды башка жерде өткөрүү керек, - деп белгиледи ал. - Театрдын администрациясы акча иштеп табалы дешкен, бирок ыйык сахнаны компьютердик оюндар үчүн ижарага берүү туура эмес чечим. Театрда маданий тематикалык кечелерди өткөрүүгө болот, ал эми компьютердик оюндарды маданий иш чара деп айтуу кыйын.

Исхак Абсаматович дүйнө жүзү компьютерден болгон көз карандычылык менен күрөшүп жаткандыгын кошумчалады.

- Мен бул нерсенин чоң көйгөй экендигин билем, - деди ал. - Дагы 10 же он беш жылдан кийин эмне болоору белгисиз.

Өз кезегинде дагы бир депутат Дастан Бекешев бул компьютердик таймаш театралдык белгилөөлөргө жана машыгууларга тоскоол болбогондугун айтат. Мунун опера жана балет театрында өткөнүгүнүн жамандыгы деле жок.

- Ал жерде порнография көрсөткөн жок да, - деп белгиледи ал Vesti.kg сайты менен болгон маегинде. - Киберспорт дүйнө жүзү боюнча өнүгүп жатат, буга кээ бир өлкөлөрдө чоң акча бөлүнөт.

Компьютердик спорттук оюндар театрдын имарат булгап жибербейт. Эмне имараттын бош тургшаны жакшы беле? Чамасы улуу муун киберспорт деген эмне экендигин билишпейт окшойт. Анын үстүнө Бишкекте мындай иш чара өткөрө турган жер деле аз.

Ал ортодо маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Vesti.kg сайтына бул маселе боюнча театрдын жетекчилигинин позоциясы менен макул эмес экендигин билдирди.

- Биз мындай иш чаралардын опера жана балет театрынын ичинде өтүшүнө каршыбыз, - деп баса белгиледи ал. - Бишкекте мындай иш чараларды өткөрүү үчүн башка жайлар толтура. Театрдын жетекчисине чара колдонулат. Бул маселе азыр юристтер менен талкууга алынып жатат.

Эске сала кетели, мурда Vesti.kg сайты кыргызстандык опера ырчыларын Кыргыз улуттук Абдылас Малдыбаев атындагы академикалык опера жана балет театрынын ичинде «Билайн» компаниясы уюштуруп жаткан «Дота-2» компьтердик оюну нааразы кылып жаткандыгын жазып чыккан эле.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх