Бишкектин Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков кызматынан кетти
Мэриядагылар анын башка кызматка бараарын билдиришти
Бишкектин Свердлов районунун акими Самарбек Болотбеков отставкага кетти. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Бишкек мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.
- Анын башка кызматка кетээри белгилүү болду. Менимче мэрияга эмес, башка мекемеге кетет өңдөнөт, - деди ал.
Самарбек Болотбекович бүгүн акимчиликте акыркы жамааттык чогулушун өткөрдү.
Бишкек мэриясындагылар Свердлов районунун жаңы акиминин аты белгилүү экендигин да билдиришти.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз