Премьер опера жана балет театрынын директору Болот Осмоновго сөгүш бериши мүмкүн
Маданият министри тийешелүү билдирүүнү Мухаммедкалый Абылгазиевге алып кирүүгө даярданып жатат
Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов премьер-министрге Кыргыз улуттук опра жана балет теартрынын директору Болот Осмоновго сөгүш жарыялоосу үчүн билдирүү алып киргенге даярданып жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына маданият Министрлигинин башчысы өзү билдирди.
- Театрдын улуттук макамды алып жүргөндүгүнө байланыштуу, сөгүш берүүнү бир гана премьер-министр ишке ашыра алат, - деп түшүндүрдү ал.
Эске салсак, мурдараак Vesti.kg сайты Кыргызстандын Абдылас Малдыбаев атындагы академиялык опера жана балет театрында «Билайн» компаниясы тарабынан уюштурулган «Дота-2» компьютердик оюнунун таймашы өткөрүлүп жаткандыгына опера ырчылары нааразы болуп жатышкандыктарын жазган эле.
Кийинчерээк маданият министри Азамат Жаманкулов Vesti.kg сайтына мекеменин бул маселе боюнча мындай позициясын колдобой тургандыгын билдирген.
Вероника Малышева
Сүрөт www