Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Табып-онколог» Хашим Зайналиевди сот залынан бошотуп жиберишти

Элдин баарына дайын болгон, чуулгандуу «табыпка» карата козголгон кылмыш иши токтотулду

Жалганонколог Хашим Зайналиевди кылмыш ишин токтотуп, сот залынан бошотуп жиберишти. Бул тууралуу «Апрель» маалымат агенттиги билдирет.

Материалды бүгүн Бишкектин Октябрь райондук соту карап чыкты.

Сот отурумунун жүрүшүндө жабырлануучу Зайналиевге эч кандай дооматым жок деп билдирди, анткени ал ага материалдык чыгым төлөп берген.

Зайналиевге карата көрүлгөн эч жакка чыкпоо бөгөт чарасы өзгөртүлдү. Мурда ал эки айга тергөө абагына киргизилген болчу.

Эске салсак, «табып» «Мыйзамсыз дарыгерлик кылуу» беренеси менен айыпталып жаткан.

2018-жылы бештин айынын жыйырма үчүндө анын кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилгендиги белгилүү болгон.

«Табып-онкологго» болгон арыздар 5 жашар кыздын окуясынан кийин келип түшкөн.

Кичинекей кыз Хашим Зайналиевдин дарылоосунан кийин Улуттук гематология жана онкология борборуна лейкоз диагнозу менен келип түшкөн. Кыздын ата энеси химиотерапиядан баш тартышкан, андан соң кыз чарчап калган.

Кыздын ата энелери болсо Зайналиевге карата арыз жазуудан баш тартышкан.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх