Бишкектин вице-мэринин агасы команда топтоп барып өкмөттүн имаратына түкүргөнү жатат
Бакыт Бакетаев министрлер кабинети мындай эреже бузууга айыппулду азайтып чоң катачылык кетирди деп эсептейт
Өкмөт түкүрүк үчүн айыппулдун суммасын азайтса анда чоң катачылык кетирет. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына коомдук ишмер, белгилүү саясат таануучу Бакыт Бкетаев билдирди.
- Мага министрлер кабинетинин айыппулду азайтканына нааразы болгон жарандар кайрылышат, - деп түшүндүрөт ал. - Баары тең ошол мыйзам күчүнө кирээри менен айлана тегерек тазара түшкөнү билинип калды дешет. Эгерде биз сурамжылоо кыла турган болсок, анда алар айыппулдун керек экендигин айтышат. Табиятынан таптаза эл болбой, аларды таза кылган ошол мыйзамдар. Бизде Европа өлкөлөрүндө эч ким мыйзам бузбайт деген пикир калыптанаып калган. Бирок анын баары өтө жогорку суммадагы айыппулдарга байланыштуу. Бизде болсо баары жаңы киргизилген мыйзамга каршы чыгып жатышат, бир туруп ойлоп кетесиң, эмне булар түкүрөбүз деп жатышабы баары деп.
Бакыт Кушбекович азыркы өкмөттүн эл арасындагы лакап аты « Түкүрүк өкмөт» болуп калгандыгын эскертти.
- Мен айтып коёюн, эгерде өкмөт эреже бузууга айыппулдарды арзандатса, мен жок дегенде он киши топтоп алып барып өкмөт үйүнө түкүрөм, - деп эскертти ал. - Мейли көп болсо миң сомдон төлөйт экенбиз.
Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун журналисттерге өкмөт түкүрүк үчүн айыппулду арзандатат деп айтканын жазган эле.
«Коомдогу резонанска байланыштуу биз бул маселени эксперттер менен талкуулап көрүп, арзандатуу керек деген пикирге токтолдук.
Депутаттардын демилгеси менен Кодекске киргизилген түкүрүк тууралуу пункт 71 беренени бузат. Анда айыппулдун суммасы 5,5 миң сомду түзөт. Муну биз эми өзгөртө албайбыз. Ошондуктан биз бул «түкүрүктү» 55-беренеге алып барып кошобуз «тыюу салынган жерде тамеки чегүү», ага айыппулдун суммасы 100 сом», - деп ЖМК Разаковдун сөзүн келтирет.
Белгилей кетсек, саясат таануучу Бакыт Бакетаев Бишкектин биринчи вице-мэри Алмаз Бакетаевдин бир тууган агасы.
Вероника Малышева
Сүрөт www