Свердлов районунун акиминин ордун Мурат Осмонов ээледи
Мурда ал Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат жетекчиси болгон
Бишкектин Свердлов районунун акими болуп 43 жаштагы Мурат Осмонов дайындалды. Бул туурасында Vesti.kg сайтына Бишкектин мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча тийешелүү жарлыкка шаар башчы Азиз Суракматов бүгүн кол койду.
Мурат Осмоновдун билими физик-инженер жана юрист.
2017-жылдан ушул күнгө чейин Сокулук районунун мамлекеттик админситрациясын жетектеп келди.
Эске салсак, бүгүн Свердлов районунун акими Самарбек Болотбековдун башка кызматка өтүшүнө байланыштуу кызматтан кеткендиги белгилүү болду.
Ушул жылдын үчтүн айынын он алтысында Болотбеков катышкан окуя болду.
Бишкек шаардык кеңешинин комиссиясынын муниципалдык менчик, жер маселеси, шаар архитектурасы жана архитектура боюнча жыйынынын жүрүшүндө чиновникке эскертүү кылынган, анткени ал телефонго чалган коңгуроого алаксып отурган.
Кийинчерээк Болотбеков Vesti.kg сайтына ага жумуш боюнча чалышкандыгын түшүндүргөн.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www