Жаңы Кодексте айдоочуларга 20 км саатына ылдамдыкты жогорулатууга жол берилет
ЖКККМБ документте ката кетирилгенин жана кыргызстандыктар ал пунктка көңүл бөлбөшүн түшүндүрүштү
Жаңы Кодекс айдоочуларга саатына 20 км ылдамдатууга мүмкүнчүлүк берет. Бул туурасында өзүнүн Twitter-аккаунтунда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жазып чыкты.
«Силер 20 км ылдамдыкты кошконго жол берилгендигин билесиңерби? Мисалы, 60 км саатына жогорулатууга болбойт, бирок жаңы Кодекс боюнча 20 км кошконго болот, башкача айтканда сатына 80 км», - деп жазат ал.
Vesti.kg сайты түшүндүрмө берүүсүн сурап ИИМ жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо Башкы башкармалыгына кайрылганда, алар катачылык кетиптир дешти.
- Бир вариантында - орусчасындабы же кыргызчасындабы басып атканда ката кетиптир, - деп маалымдашты ЖКККМБ лар. - Толуктап өзгөртүү киргизүү учурунда Жогорку Кеңештегилер оңдогула деп көрсөтүшкөн. Айдоочулар жаңы Кодекстин бул пунктуна азырынча таянбай турушу керек.
ЖКККМБ сөзүнүн аягында автоунаалардын ээлери жол эрежелерин такай сакташы керектигин айтты.
Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www