Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Айдоочулар башаламандыктан пайдаланып кетишти». Транспорт Министрлиги «Айнекти күңүрттөөгө» айып салып баштады

Мекеменин кызматкерлери маичилер менен кошо кыдырууга чыгышты

Жол жана транспорт Министрлигинин кызматкерлери ЖКККМБ инспекторлору менен кошо күңүрттөлгөн айнектери бар автоунааларды кармоого чыгышты. Бул туурасында Vesti.kg сайтына тарнспорт Министрлигинин маалымат катчысы Кылыч Досумбетов билдирди.

- Бул милдет биздин мекемеге тийешелүү эмес, бирок Жогорку Кеңеш кайрадан ЖКККМБ алып бергиче биз карай турабыз, - деп түшүндүрдү ал. - Үчтүн айынын жыйырмасына чейин жол жана транспорт Министрлигинин кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, бүгүнкү күндөн баштап айнеги күңүрттөлгөн автоунааларга айып сала баштайбыз.

Белгилей кетүүчү нерсе, мындайлар аз эмес. Жарандар башаламандыктан пайдаланып кетишти.

Досумбетов кыдыруу иш чаралары бир гана Бишкекте эмес, бүтүндөй өлкө ичинде болот деп белгиледи.

Транспорт Министрлигинин кызматкерлери бардык облустарда бар, - деп белгиледи ал. - Бүгүн эртең менен Бишкекте бир эле жерден 7 айдоочуга айып пул салынды. Жаңы Кодекс боюнча мыйзамсыз айнекти күңүрттөөгө физикалык жактар 3 миң сом жана юридикалык жактар 13 миң сом айыппул төлөшөт.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх