Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Премьер Жогорку Кеңешке футбол көрүп келе албай калдыбы? Министрлер кабинетинин жообу

Өкмөттүн аппаратындагылар болсо Мухаммедкалый Абылгазиевдин сыркоолоп тургандыгын, бирок жумуш ордунда экендигин айтышат

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин эки комитетинин жыйынына келбей койду. Вице-премьер Жеңиш Разаков өкмөт башчынын келбей калышын анын сыркоолоп калгандыгы менен түшүндүрдү.

Өкмөт мүчөсүнүн бул жообу депутаттардын мыскылына жем таштады. Депутаттар кечээ министрлер кабинетинин башчысы футбол көргөндүгүн эске салышып, Мухаммедкалый Абылгазиев азыр жөн эле уктап жаткан болуш керек деп божомол кылышты.

Vesti.kg сайты комментарий үчүн өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматына чалганда, андагылар премьердин жумуш ордунда отургандыгын айтышты. Ал жөн гана эл алдына чыгуудан баш тарткандыгын түшүндүрүштү.

- Башында эле парламенттик комитеттердин жыйынына вице-премьер-министр Жеңиш Разаковдун бараары билдирилген болчу, - деп белгилешти мекемедегилер. - Өкмөт башчынын катышаары айтылган эмес. Ал эми анын сыркоологну тууралуу айтсак, ал көп күндөн бери дарыланып жатат, бирок ошщого карабастан жумушка чыгып жатат. Ошондуктан Мухаммедкалый Абылгазиев толук айыккыча эл алдына чыкпай коё турууну эп көрдү. Ал азыр документ иштери корреспонденциялар жана эң маанилүү чогулуштар менен гана чектелип жатат.

Ошону менен бирге өкмөттүн аппараты Абылгазиев бүгүн демейдегидей эле жумуш ордунда отургандыгын кошумчалады.

Эске салсак, кечээ Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Азия Кубогу мелдешине катышып, БАЭ командасынан утулду.

Тармактарда премьер-министрдин кабинетинде Абулгазиев баш болгон өкмөт мүчөлөрү бул таймашты көрүп отурган сүрөт таркаган болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх