Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК президенттин эл алдында айткан сөзүн эки кылабы?

Чекисттер Матраимовдун мүлкүнүн мыйзамдуулугу текшерилеби деген суроого бир айдан бери жооп беришпейт

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкү тууралуу маалымат коомчулуктун бүйүрүн кызытып келет. Эл арасында аны «Раим миллион» деп аташат жана коррупцияга малынгандыгын айтышат.

2018-жылы бештин айынын он тогузунда, жылды жыйынтыктоочу маалымат жыйынында мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Райымбек Матраимовдун коррупцияга байланышы тууралуу арыздын фактысы боюнча текшерүү болот деп айткан эле.

Ушул себептен Vesti.kg сайты улуттук коопсуздук Мамлекеттик кызматына МБК кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүнүн мыйзамдуулугун жана анын коррупцияга тийшеси бар же жок экендигин текшерүүгө ниети бар экендигин билүү максаты менен кайрылды.

УКМКга расмий суроо былтыр бештин айынын жыйырмасында жөнөтүлгөн болчу, бирок ага ушул күнгө чейин жооп жок. Кечээ УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов Vesti.kg сайтына берилген суроо боюнча кандайдыр бир маалымат болуп калса бөлүшөөрүн убада кылган эле, бирок тилекке каршы бүгүн иш оңунан келген жок. Ошоентип УКМК президенттин Кыргызстан элинин алдында айткан билдирүүсүнө жооп кылаары же кылбашы белгисиз бойдон калууда.

Эске салсак, мурда Vesti.kg сайты салык кызматы Матраимовдун 2017-жылкы декларациясын текшергени жаткандыгын жазган болчу.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх