Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Молдомуса Коңгантиевдин эки ай мурун кайра козголгон иши тууралуу азырынча ооз ача элек

ИИМ мурунку жетекчисине байланыштуу тергөө амалдары болгону же болбогону алигиче белгисиз бойдон

Улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинде ИИМ мурдагы жетекчиси Молдомуса Коңгантиевдин кайра козголгон кылмыш ишинин алкагында УКМКга чакырылгандыгы тууралуу билдире элек.

Мурда, 2018-жылы бештин айынын он төртүндө, Молдомуса Коңгантиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов Vesti.kg сайтына аны жана ал коргогон адамды улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетине чакырышпагандыгын билдирген эле.

Кечээ Vesti.kg сайты улуттук коопсуздук Мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловдун атына мурда КР КК 305 берененин 2б. 2,4,5 пункттары (Кызмат абалынан ашыра пайдалануу) жана 316 берененин 1б.(Шалакылык) менен айыпталган Коңантиев менен маек жүргүзүлдүбү деген расмий суроону жолдоду.

Өз кезегинде УКМК маалымат катчысы Рахат Сулайманов редакциянын суроосуна жооп даярдоого убада берген эле, бирок белгиленген күнү ал жоопту кийинчерээк аласыңар деп билдирди.

- Суроону биз кечээ гана жибердик, бир эки күн күтө ьургула. Мыйзам боюнча биз 14 жумуш күнүнүн ичинде жооп беришибиз керек, ал күн өтө элек, - деп түшүндүрдү Сулайманов.

Эске салсак, ИИМ мурунку башчысына карата кылмыш ишинин иликтенишинин кайра козголушу 2018-жылы бештин айынын он экисинде белгилүү боду.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх