Кыргызстанда орус тилинин расмий макамын алып салууга батына алышкан жок
Курултайчылар нааразы болгондордун басымы астында бул маселени коё турууну чечишти
Кыргызстанда орус тилинин макамы мурункудай эле кала берет. Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун демилгечилери расмий макамды алып салуу ойлорунан кайтышты.
Тың чыкмалардын өздөрү билдиргендей, эми алар күзүндө бир эле башкаруу формасын өзгөртүү жана курултай институтун киргизүү маселесин көтөрүп калышат.
Орус тилинин расмий макамын алып салуу маселеси орус тилдүү калктын катуу каршылыгына тушукту. Бирок бул маселе курултайдын биринчи чогулушунда чечкиндүү эле көтөрүлгөн болчу.
Белгилей кетели, Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн демилгечилери болуп 50 партиянын жана кыймылдардын өкүлдөрү Азимбек Бекназаровдун жетекчилиги астында чыгышты.
Толкун Сагынова
Сүрөт www