Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кеминде беш жылдан бери өкмөт Жогорку Кеңешке кол шилтеп, тоготпойт»

Юридика илимдеринин доктору парламентке министрлер кабинетине ишенбөөчүлүк көрсөтүү укугун берүү идеясын колдоду жана депутаттарды чиновниктер менен кошо жооп берүүгө чакырды

Анын ою боюнча парламент иштей албаган чиновниктерге ишенбөөчүлүк көрсөтүп жана өкмөттүн ишине баа берүүгө, аны бошотуу тууралуу маселе коюуга укук алышы керек. Мындай мыйзам долбоорду депутат Кенжебек Бокоев демилгелеп чыкты.

«Биз жыдына бир жолу өкмөттөн, Башпрокуратурадан, Улуттук банктан, Эсептөө палатасынан отчёт алабыз, - деди ал. - Бирок алардын ишине жаман баа берилген учурда эмне кылынаары тууралуу каралган эмес. Мен муну толугу менен жазып чыктым. Жоопкерчиликтүү мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө эки түрдүү баа берилет: «канааттандырарлык» жана «Канааттандырарлык эмес».    Эгерде мамлекеттик органдын иши канааттандарарлык эмес болсо, андай учурда биз ишеним көрсөтпөө жана кызматынан бошотууну чечтик».

Депутаттын сөзү боюнча, канааттандарлык эмес деген баа алгандан кийин күн тартибине кызматтан бошотуу маселеси киргизилиши керек. Мыйзамдын долбооорунда кандайдыр бир мөөнөттө «оңолуу» каралган эмес.

«Мыйзамдын негизги максаты парламенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү, - деп түшүндүрдү Бокоев бул жаңы киргизүүнү. - 2010-жылы Конституция кабыл алынгандан бери Жогорку Кеңештин бир да функциясы күчтөлүп же кеңейтилген эмес. Жок дегенде парламенттик бийликке бир аз жакындашыбыз керек. Бул нерсе ар бир мамлекеттик кызматтын жоопкерчилигин күчөтөөрү шексиз.

Депутат Бахадыр Сулейманов («Ата Мекен») кесиптешин колдоду. Анын сөзү боюнча, өкмөткө жаман баа берүү мүмкүнчүлүгү толук көзөмөлдөө зарылчылыгы үчүн керек.»

- Мен бул идеяны колдойм, - деди ал Vesti.kg сайта. - Бул эң туура нерсе. Ар бир чиновник жоопкерчиликти сезиши керек. Болбосо алар кээде отчёт да бербей коюшат.

Мурунку депутат Туратбек Мадылбеков алардын ойлоруна макул болот: мурдагы эл өкүлүнүн ою боюнча, Бокоевдин сунушу туура. Кыргызстан парламенттик башкарууга умтулуп жаткандан кийин ушундай болушу керек.

- Ишеним көрсөтпөө же кызматтан бошотуу чечими өкмөттүн ишмердүүлүгүн күчөтөт, - деп эсептейт ал. - Антпесе беш жылдан бери өкмөт парламентке кол шилтеп, тоготпойт. Таптакыр коркпой калышты, чиновниктер келет да отчёт берип коюп кетип калышат.

Юридика илимдеринин доктору, көз карандысыз саясат таануучу Бекбосун Бөрүбашев Vesti.kg сайты менен болгон маегинде Жогорку Кеңеш өкмөттү өзү түзөт, канааттандырарлык эмес баа берүү парламенттин өзүнүн да кандайдыр бир деңгээлде алардын аткарган иштеринин жыйынтыгы болуп саналат.

Ал Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 74-беренесинин 3 пунктунун бинринчи подпунктуна ылайык Жогорку Кеңеш Өкмөттүн ишмердүүлүк программасын бекитип берет жана түзүмүн, курамын аныктаарын эскертти.

- Ошондуктан кимди бошотушса аны бошотушсун, - деди Бөрүбашев. - Депутаттар аны кылганга милдеттүү. Өкмөт менен кошо өздөрү да жооп берүүгө тийиш парламент, бирок аны каалабай жатышат. Сулуу чымчык болгусу келишет. Эгерде парламент өкмөттүн жоопкерчилигин тең бөлүшө турган болсо, мына ошондо парлдаменттик башкаруу болмок.

Ольга Федорчук

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх