Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Премьер жана башпрокурор Жогорку Кеңешке эки жолу тең келбей коюшту. Депутаттар нааразы

Жогорку Кеңеш жаңы мыйзамдар жана кодекстер тууралуу жүргүзүлгөн иштерди талкуулайт

Парламенттин мыйзамдуулук, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөш комитети парламенттин эки жолку чакыруусуна келбей койгон премьер-министр менен башпрокурордун кылыгына нааразы. Анда жаңы кодекстерди ишке киргизүү каралмак. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында тийешелүү комитеттин башчысы Наталья Никитенко билдирди.

- Кечээ эки комитет жыйын кылды, күн тартибинде эң маанилүү маселелер каралмак, талкуулоого өкмөттүн биринчи адамдары чакырылган болчу, - деп белгиледи ал.

- Бирок Мухаммедкалый Абылгазиев менен Өткүрбек Жамшитов өздөрүнүн орун басарларын жиберип коюшту. Биз алардын көркүн көрөлү деп чакырган эмеспиз да, маселелер маанилүү болчу. Саясий чечим кабыл алынышы керек болчу. Бул чоң жоопкерчилик. Бүгүн болсо мен премьер менен башпрокурорду көрө албай турам залдан.

Вице-премьер Жеңиш Разаков депутаттын бул сөзүнө министрлер кабинетинин башчысынын мурда белгиленип калган иш чаралары бар деп жооп берди.

- Анын ишинин план түзүлүп калган, - деп белгиледи ал. - Ал эми мен болсо сот реформасы боюнча алектенип келе жатам, ошондуктан сиздердин кандай суроолоруңуздар болсо мага бере бериңиздер.

Өз кезегинде башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшембиев да эмнеге негизги көзөмөл органынын башчысы парламентке келбей калгандыгын түшүндүрдү.

- Азыр бардык аймактар боюнча коллегия жүрүп жатат, анда жылдын жыйынтыгы талкууланат, - деди ал Никитенкого. - Андай иш чараларда сөзсүз жетекчилик катышышы керек.

Түшүндүрө кетели, Жогорку Кеңеш сот реформасынын алкагында кабыл алынып,киргизилген жаңы кодекстер менен мыйзамдар боюнча жүргүзүлгөн өкмөттүн иштерин карап жатат.

Вероника Малышева
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх