Депутат: Өкмөт жаңы мыйзамдар тууралуу элге жеткиликтүү маалымат бере алган жок
Жеңиш Разаков жакында « баары жакшы болот» деп ынандырды
Өкмөт жаңы мыйзамдар жана кодекстер тууралуу маалыматтарды жеткиликтүү түрдө тарката алган жок. Бул тууралуу депутат Бактыбек Турусбеков Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында билдирди.
- Жаңы мыйзамдарга байланыштуу суроолор алардын даярдык иштеринин начар болгондугунан жаралып жатат, - деп белгиледи ал. - Шаарда бир да плакат жок, теледен бир да ролик берилген эмес. Эч нерсе кылынган жок. Баары уктап, үчтүн айынын биринде ойгонушту.
Буга вице-премьер-министр Жеңиш Разаков «баары жакшы болот»деп жооп кылып депутатты ынандырды.
Ал ортодо Турусбеков соттук-укуктук реформага катыша турган органдын кызматкерлеринин штаты кандай болуп өзгөргөндүгүнө кызыкты.
Разаковдун сөзү боюнча, негизги түзүмдүк өзгөрүү ЖАМК пробация институтундагы өзгөрүү болду.
- Ал жерде 100 чукул адам иштейт, - деп түшүндүрдү ал. - Пробация кызматы 2020-жылы ишке кирет.
Түшүндүрө кетели, Жогорку Кеңеш сот реформасынын алокагында кабыл алынган жаңы мыйзамдар жана кодекстеп боюнча өкмөттүн аткарган иштерин карап жатат.
Вероника Малышева
Сүрөт www