Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Юристтер Кыргызстандын президентинин соттуулукту алып салуу укугуна ээ болушуна каршы

«Биз парламенттик республика болгонго аракет кылып жатабыз го»

Парламентте Кыргызстандын президентине соттуулукту алып салуу укугун берүүнү сунуш кылышты. Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын кээ бирлерине түзөтүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорду ( Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодекси ( 2019. 01. 1 баштап КР «мунапыстын жана ырайым кылуунун жалпы принциптери тууралуу «Мунапыстын жана ырайым кылуунун жалпы принциптери тууралуу» КР мыйзамы күчүнө кирет) Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш жана соттук-укуктук маселелер боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда карашкандыгын мурда Vesti.kg сайты мурда билдирген эле.

Мурда мындай чечимдерди сот органдары кабыл алышчу. Алар мындан ары да муну менен алек болушу керек, деп эсептейт Конституциялык соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов.

- Мындай кылганга болбойт, - дейт ал Vesti.kg сайтына. Бийликтин ар бир бутагы өз иши менен алектениши зарыл. Бир кишиге чечим кабыл алуу укугун берип коюу менен бийлик бутагынын ыйгарым укугунун тең салмактуулугу бузулат. Соттуулук белгилүү бир шарттарда жоюлат, ал эми аны алып салуу соттун чечими менен болот.

Юридика илимдеринин доктору Кайрат Осмоноалиев да ушундай идеянын тарапташы экендигин жашырган жок. Юрист Vesti.kg сайтына Кыргызстандын бул сунушту кабыл алган багыты парламентаризмге каршы болуп калаарын түшүндүрдү.

- Президент Орусияда, Белоруста, Казакстанда жана АКШда соттуулукту алып сала алат, - деди эксперт - Бул нерсе мамлекет башчынынын позициясын күчтөндүрүп жиберет. Бирок аталган өлкөлөрдүн баарында президенттик башкаруу бийлиги. Биз болсо парламенттик башкарууга умтулуп жатпадык беле. Бул биздин мамлекеттик түзүлүштүн табиятына туура келбейт.

Кайрат Осмоналиев КР жаңы Кылмыш кодексиндеги ырайым кылуу принциптери тууралуу айткысы келет. Юрист президентке соттуулукту алып салуу укугун бергиси келген депутаттарга КР КК 93 беренесине көңүл коюп кароону сунуш кылат.

«Ырайым кылуу тууралуу акт сот дайындаган өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын 20 жылдык мөөнөткө алмаштырган учурда, ошондой эле эркинен ажыратууну бир канча жылга жеңилдеткен учурда ишке ашырылат. Ал эми сот тарабынан пробациялык көзөмөл жазасы колдонулган учурда же мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулган убакта ал колдонулбайт», - деп жазылган.

Ошону менен бирге КР Конституциясынын 20 беренесинин 5 б. 2 пунктунда ырайым кылуу укугун чектөөгө мүмкүн эместиги айтылат.

- Негизи эле мыйзам жаман жазылган, - дейт ал. - Аны сапаттуу кылып иштеп чыгуу керек.

Ольга Федорчук
Сүрөт www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх