Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин экс-спикери: Дастан Жумабеков - азырынча сары ооз балапан

Ошону менен бирге Ташболот Балтабаев төраганы күнөөлөштүн кереги жок, анткени Кыргызстан боюнча кадр системасында көйгөй бар дейт

Жогорку Кеңештин спикери Дастан Жумабековдун дарегине карата депутаттар тарабынан көптөгөн сындар айтылып келет.

Жакында эле депутат Бакыт Төрөбаев «Марал.ФМ» радиостанциясындагы берген интервьсунда кезектеги эскертүүсүн айтты. Эл өкүлүнүн ою боюнча, спикерликке Жумабековдун тажрыйбасы менен чечкиндүүлүгү жетишпейт.

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ташболот Балтабаев Vesti.kg сайтына бул чурда Дастан Жумабековдун күнөөсү деле жок деп комментарий берди.

- Мен бул маселени тереңирээк карап көрмөкмүн, башкача айтканда өлкөдөгү кадр маселесине салыштырып көрүү керек, - деп сөздү алыстан баштады. - Депутаттардын бул пенденин дарегине айткан сындарына макулмун. Анткени спикердин тажрыйбасы жоктугу биринчи жолу айтылып жаткан жери жок. Ал деле көптүн бири да. Албетте, Жумабеков даярдыгы жок адам, бар болгону парламентке экинчи жолу келип жатат. Анысы да тизме кезеги боюнча.
Бирок тизме деген эмне? Бул деген, сен базардан түптүз эле Жогорку Кеңешке келесиң деген сөз. Бирок ал күнөөлүү эмес. Көйгөй өлкөнүн кадр системасындагы мүчүлүштүктө. Бул көйгөй эгемендик алган жылдардан бери калыптанып калды.

Ташболот Балтабаевичтин ою боюнча, парламенттин төрагалык кызматын жөнөкөй эмес саясий жолду басып өткөн гана адам ээлеши керек.

- Ал өлкөдөгү кадр системасынын өлгөндүгүнүн мисалы, - деп баса белгиледи экс-депутат. - Спикер деген саясий жолдун оош кыйышын, ысык суугун көргөн адам болушу керек. Балким ал кийинки чакырылышта жакшы иштеп калаар. Кээ бирөөлөр айтмакчы, парламен - бул саясий мектеп. Мен Жогорку Кеңеште мамлекеттин тагдыры чечилет дегенге караманча каршымын. Башка жактан окуп үйрөнүп, Жогорку Кеңешке даяр болуп, тапталып келишсин.

Дастан Жумабеков төраганын ордун 2017-жылы тогуздун айынан бери ээлеп келе жатат.

Зулайка Эркимбаева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх