Жаңы кодекстин айланасындагы талаш тартыш. Жогорку Кеңештин депутаттары катуу каяша айтууга туш болду
Эксперт депутаттарга эскертүү кылып жана мурда адистерге Жогорку Кеңеште сөз берилбегендигин айтты
Ылдамдыкты жогорулатууга болгон жаңы айыппулдар коррупцияны мындан бешбетер өркүндөтүшү мүмкүн. Бул тууралуу депутат Эльвира Сурабалдиева парламенттин пленардык жыйынында билдирди.
- Жаңы кодексте саатына 39 км чейин ылдамдыкты жогорулаткандарга 1000 сом айыппул салынат, ал эми 40 км жогору ылдамдыкка 7000 сом, - дейт эл өкүлү. - Айырмасы бир эле километр саат болуп жатат, ал эми акчасы болсо аябай айырмаланат. Мына, маичи токтотту дейли, бул эреже бузууга пара бере башташса кандай болот?
Вице-премьер Жеңиш Разаков депутатка бул маселе боюнча эксперттик топтун өкүлү Гульмира Маматкеримова жооп берет деп түшүндүрдү.
Өз кезегинде Маматкеримова Сурабалдиевага депутаттар талкуулап жаткан бардык маселелер пленардык жыйынга келгиче көтөрүлүшү керек болчу деп эскертти.
- Бизди көп эле жолу чакырышты, бирок сөз беришпейт, - деди ал. - Сөзүңдү оозуңдан жулуп алышат. Бүгүн бизден сурап жатышат, мыйзамды иштеп чыгууда көп адистердин катышаары белгилүү го. Бардык Кылмыш кодекси боюнча энциклопедист болуш кыйын го. Ар ким өз жумушун билиши керек.
Буга Сурабалдиева мен күнөөлүү издеп жаткан жерим жок деп жооп кылды.
- Баары ката кетиришкендери түшүнүктүү эле болуп турбайбы, анын ичинде депутаттар да бар., - деп сөзүн бүтүрдү ал.
Түшүндүрө кетели, Жогорку Кеңеш сот реформасынын алкагында кабыл алынган жаңы мыйзамдар жана кодекстер боюнча алып барган өкмөттүн ишин карап жатат.
Вероника Малышева
Сүрөт www