Дастан Бекешев менен Альфия Самигулина коомдук пикирди башкарышабы?
Депутат эмнеге Жогорку Кеңештин тийешелүү комитети дары дармекти БУУ аркылуу сатып алуу мыйзамына түзөтүү киргизүүнү жокко чыгарып салгандыгын айтып берди
«Мамлекеттик сатып алуу» мыйзамына түзөтүү киргизүүнүн демилгечилери коомдук пикирди башкарат. Бул туурасында Vesti.kg сайтына депутат Аида Исмаилова айтып берди.
- Дары дармекти БУУнун түзүмдөрү аркылуу арзандатылган баада сатып алуу тууралуу кеп болуп жатат, - деди ал. Тийешелүү комитеттин жыйынында биз бул маселени карап көрүп, жаратканыбыз жок.
Коомчулук болсо биз аны өзүбүдүн арам ойлорубузду ишке ашыруу үчүн кабыл албай койгондой ойлдошту. Бул мыйзамдын демилгечилери Дастан Бекешев менен Альфия Самигулина түзөтүүлөр медицинага керектүү нерселерди жана дарыларды арзан баада сатып алууга мүмкүн болот деген жүйө келтиришкен. Бирок мыйзамды бир катар себептер менен кабыл алганыбыз жок.
Аида Жекшенбаевна мыйзамдын долбоору комитеттин жыйынына өкмөттүн тийешелүү корутундусу жана анализи жок алынып чыгылгандыгын белгиледи.
- Мыйзамдын демилгечилери экономикалык пайда алып келүүчү эсептерди жана дары дармекти жаңыча жол менен сатып алуунун жыйынтыгын цифра түрүндө көрсөткөн эмес, - деп тактады ал. Ал эми мыйзам долбоордун өзүнө келе турган болсок, ал бир катар кемчиликтер жана карама каршылыктарды өзүнө камтыйт. Бул мыйзам долбоордун негизги максаты дары дармектерди жана медициналык каражаттарды эл аралык уюмдун ички тартиби аркылуу арзандатылган баада сатып алып мамлекеттин акчасын үнөмдөө болчу. Ошону менен бирге эл аралык уюм аркылуу мамлекеттик сатып алууга келишим түзүлүшү шарт ( келишим, меморандум), ал КР өкмөтү тарабынан бекитилиши керек. Бирок мамлекеттик сатып алуу тууралуу мыйзамга киргизилбейт.
Исмаилова, эгерде сатылып алынган дары дармектин мөөнөтү өтүп кетсе эл аралык уюм кантип жоопкерчилигин өзүнө алаары түшүнүксүз экендигин кошумчалады.
- Демилгечилер аргумент катары башка өлкөлөрдө мындай практика бар деген гана сөздү айта алышты, - дейт ал. - Кээ бир маалыматтарда, ошондой эле ЖМКда Украинанын эл аралык уюм аркылуу сатып алуулары көп убакытка созулуп, мөөнөтү өткөн дарыларды жок кылышат, анткени алар аө эле мөөнөт менен чыгарылат. Ушунун айынан көптөгөн мөөнөтү өтүп кеткен дары дармектер топтолуп калат. Украинанын саламаттык сактоо Министрлиги менен эл аралык уюмдун ортосундагы келишимди иш жүзүндө көргөнгө деле болбойт. Министрлик аны көрсөтпөйт, эл аралык уюмдун ички мыйзамы менен сатып алганбыз деген шылтоону айтышат, ошондуктан алар көрсөткөнгө укуктары жок - коммерциялык жашыруун сыр катары сакталат.
Депутат эл аралык уюм аркылуу сатып алууну толугу менен таза болот деп айтууга болбостугун айтат.
- Эл аралык уюм өзүнүн каржылык отчёттуулугун көрсөтпөйт, анткени алардын өзгөчө макамы бар, алар ошондон колдонот, - дейт ал. Ошонун айынан биздин Эсептөө палатасы аудит кыла албайт.Саламаттык сактоо Министрлигин сатып алуулар боюнча аудит кылуу аныктала элекпи? Алар мамлекеттик бюджеттен сатылып алынат го? Сатып алуу милдетин өткөрүп берип жатыпэл аралык уюмдар сөзсүз кызмат акыны тууралуу маселе көтөрөт.
Түшүндүрө кетели, Дастан Бекешев кесиптештери анын демилгелеген мыйзам долбоорун колдобой коюшкандарына нааразы болду.
- Бул мыйзам боюнча мамлекет дары дармектерди БУУ аркылуу сатып алмак, - деп түшүндүрөт депутат өзүнүн сайтында. - Бул бизде дайыма тартыш болуп жаткан акча каражатын үнөмдөмөк. Бирок комитетттен мыйзамдолбоорду болгону эки киши колдоду. Баары эле коммерциялык ишканалардын дары сатуудан байышын каалашат экен.
Vesti.kg сайтына Дастан Бекешев менен байланышууга мүмкүн болбоду. Биз анын кесиптеши Аида Исмаилованын сөзүнө андан комментарий алалы дедик эле.
Вероника Малышева
Сүрөт www