Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кыргызстандагы электр энергиясынын жоготуулары - бул уурулук жана жемкорлук»

Эксперт бөлүштүрүүчү компаниялар электр энергиясынын пайдалануу көрсөткүчүн атайылап жогору кылып жатышат дейт

Улуттук энергохолдингдин жетекчилиги электроэнергиясынын коммерциялык жана техникалык жоготууларын жоюуга умтулушпайт. Мындай деген оюн Vesti.kg сайтына электр энергиясы жаатындагы эксперт Расул Үмбөталиев бөлүштү.

- Жоготууларды токтотуу үчүн коррупциялык иш аракеттерди азайтуу керек, - дейт ал. Демейде жетинин айында-бештин айында электр энергиясынын пайдаланылышынын жогорулатылган көрсөткүчтөрү келет. Бул атайын электроэнергиясындагы жоготууну жашырыш үчүн кылынат. Ошондо дебитордук карыздарды калп жерден көтөрүү менен электроэнергиясынын жоготууларын жашырышат. Ал эми бирдин айында болсо, электроэнергиясын ашыкча пайдалануу болгон жок, жөн гана жабдуулар бир азга токтой калышты деп билдирүү таркатышат.

Расул Акматович өкмөттүн электр энергиясын өчүрбөй беребиз деген убадасын эске салды. - Бишкекте да, Ошто да бүтүндөй бир райондор өчүп калып жатат, сурагандарга ремонт кылып жатабыз деп коюшат. Муну эми «электр энергиясы менен камсыздоодогу дем алыш» деп атап алышыптыр. Бул бөлүштүрүүчү станциялар чыңалууга туруштук бере албай жаткандыгынан болуп жатат, бул айрыкча күзүндө жана кышында болот. Техникалык жоготууларды жоюу үчүн электркамсыздоону жакшыртуу керек. Ал эми коммерциялык жоготуу дегени - уурулук менен жемкорлук эле. Кимдир бирөөгө көп эсеп жазышат да, кийин аны жоюп салышат. Ошонусу үчүн пара алышат.

Түшүндүрө кетели, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов былтыр электр энергиясындагы жоготуулар биз күткөндөгүдөн жогору болду деп билдирди.

Анын айтымында, кен байлык, энергетика жана өнөр жай Мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык былтыр электр энергиясындагы жоготуулардын көрсөткүчү 12,7% түздү, башкача айтканда 1 млн. 543,9 кВт, бул азыркы тапшырмадан 0,2% ашып түшөт.

Вероника Малышева
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх